www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алгачкы жолу Бишкек шаарындагы балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America GrandPrix – Бишкек, Кыргызстан» сынагы өтөт.
Бишкек шаарында 2019-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America GrandPrix – Бишкек, Кыргызстан» сынагы өтөт.
Сынактын максаты эмне?
Сынактын негизги максаты 9 жаштан 19 жашка чейинки бардык экономикалык, этникалык жана геомаалыматы бар, стипендия жолу аркылуу угуучу, билим алууга мүмкүнчүлүгү бар жана дүйнөлүк бий түйүнүндө аткаруучу катары катышкан студенттерди, мугалимдерди, мектептерди, бий коллективдерин жана бийчилердин башын бириктирүүчү дүйнөлүк класстагы бийчилерди өнүктүрүү жана колдоо болуп эсептелет.
Сынактын негизги байгеси?
Сынактын негизги байгеси ар бир катышуучуга Америка жана Европа мамлекеттериндеги эң мыкты академиядан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет. Аталган сынактын финалдык бөлүгү Нью-Йорк шаарында өтөт. Бул сынак жарышуу эмес, катышуучунун квалификациялык жөндөмү менен тандап алуу принциби менен өтөт.
Сынакка кимдер катыша алалт?
Сынакка хореографиялык окуу жайларда, искусство мектептеринде, колледждерде, мамлекеттик жана жеке билим берүү мекемелеринде жана кошумча билим алып жаткан окуучулар, топтор жана өз алдынча аткаруучулар катыша алат.
Булак: NazarNews.kg