www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жашоодо адамдын иммунитетинин орду абдан бийик катарда экенин неге танмак элек? Эгерде экологиялык жактан таза, сапаттуу азык-түлүктөрдү, жашылча, жемиштерди көп пайдаланбасаң ден-соолугуң начарлап, эки көзүң тостойуп, жаагың шимирилип, өңүң азып, арыктап кетериң турган иш. Ошондуктан иммунитетти алсыратпоого, убагында витаминге бай азыктарды арбын пайдаланып организмди кубаттандырууга көңүл бурушуң кажет. Антпесең шырп эткен желге туруштук бералбай, ысыкка да, суука да чыдамың жок болуп, жөтөлүп, чүчкүрүп каларың аштан бышык. Табитиң бузулуп, өң-алеттен кетпейин десең ден-соолукка кам көрүп, иммунитетиңди көтөрүшүң абзел.

Биз муну айтып турганыбыздын жөнү бар. Маселен, бийликтин деле “иммунитетин” өз деңгээлинде кармай албасак мамлекетибиздин өсүшүнө кедергисин тийгизет. Арабөк калып кеткен ишке сынчылар көп болуп, элдин нааразычылыгы күчөйт. Өлкөнүн башкы таянычы эл болгон соң алардын үмүтүн өчүрбөөгө, бийликтин кан тамырын теңселтпей кармап турууга мамлект башчылары көзөмөлдө туруусу кажет. Учурда коррупциялык күрөштүн илеби негедир күмөн туудургандай болуп, бир жактуу соктуруулар жаралганын айткандар да жок эмес. Шектелген иштердин узарып кетип жатканы да күңүрт кепке кептелүүдө. Ошентсе да бул багыттагы иштерди жымсалдабай, ачык-айрым талдоого өтүшсө дурус болмок. Баарынан да кадрдык маселенин чечилишине ичи чыкпагандар арбып кеткени кооптондурат. Өлкө башында турган жетекчилер мындайда адилет, көрөгөч, калыс болушса анчалык сындар жаамак эмес. Ушул сапаттар кем болсо өлкөнүн экономикасы өйдөлөбөйт, элдин жашоосу ылдый түшүп кетет, бийликке болгон ишеним аксайт. Анда эле кырдаалдын ысылыгы жогорулап, койнунда котур ташы барлардын ити кыңшылап үрө баштайт.

Сөздүн туурасын айтканда жаңы бийликтин кадрдык саясатында алешемдиктер да жок эмес. Тазалануу, жаңылануу желаргысы өз калыбында кетип жатат деп айтууга али эртелик кылат. Баягыл Ташматтын ордуна бечел Эшмат келиптир дегендей эле кепти айтса болот. Ротация кылабы, жөн эле орун алмаштыруу болобу мурдагысынан кадыры артык, иш билги кадр келсе бир жөн. Ошол эле Бишкектин, Оштун мэрлигине татыктуу кадр коюлдубу деген суроо иймейип турганы чын. Азиз Суракматовдун кызматка келиши боюнча не деген “саясий шоулар” айтылбады дейсиң? Атаандашы жок келген мэрдин кандай чыгаандык иштери болорун эртең эле көрөбүз да, же калппы? Ушундай пикирди Оштун шаар башчысы Таалай Сарыбашовго деле жолдосок болоттур? Айтор, экөөнүн тең дарегине жылуу кептер ыроолонбогону күмөн жаратат.

Ротация багытындагы алгачкы “карлыгач” учуп чыкты. Көлдүк Узарбек Жылкыбаевди Ош облусунун губернаторлугуна кондурушту. Эгерде ал “дипломаттык” касиетке ээ болсо ишин илгерилетүүгө шарт түзүлөт. Анткени илгери далай атка минерлер ошол жактын тузун татып, кызматтан көтөрүлүп борборго келгени боюнча узун сабак уламыштар токулган. Ичи тарлардын, көралбастардын торуна түшпөй буйтап кетсе, өзүнүн адилеттиги аркылуу жол тапса Узарбек мырзанын ооматы жанат. Тескерисинче чабалдыгын байкатса көпкө узаттырышпайт. Анткени ушул кызматка көзүн кызартса да жетпей калгандар болгонун билебиз. Ошолор буттан тушап салып, жаманатты кылууга барбайт деп кана ким кепилдикке өтө алат? Мындай ичи арамдар азыр эле жок болуп кетпегендир? Ал эми Ысык-Көлгө биринчи адам болуп барган А. Осмоналиевдин тагдыры кандай болорун көзү ачыктар деле айтып бералбастыр? Болгону губернатор болуп барган мырзанын адамкерчилик сапаттарына эл тарабынан барк-баа берилет. Көзү каныккан болсо, тил эмизгич эмес дил эмизе алса көпчүлүктүн купулуна толот. Чийкилигин айгинелеп, улам жаза баса берсе көпкө узабай, артка кайтарылышы кеп эмес дегенге негиз бар. Тегерегине кошоматчыларды, эптекейлерди жуутпай, мыктыларды, суу кошпой чын айткандарды чогултса иши жүрүшөт кимдин болсо да. Ырылдаштырбай элди ынтымакка чакыра алган, ниетин түз кармаган кадрлар гана көптүн жүрөгүнө чыйыр сала алмакчы.

Баса, биринчилерден болуп Чүйгө губернатор болгон Туйгунаалы Абдраимовдун да кыйла сабырын муздатып коюшту сүрөөгө алган жазмакерлери. Керек болсо күздөгү “бороонду” болтурбай коюуга бир гана Туй мырза жарайт, ал үчүн баш бакандык тактыга ортургузуш керек деп оолуктургандардын деми сууду. Анткени алакандай айылдагы эл менен кездешүүсүндө мактаган кишиси өзүнүн деңгээлин айгинелеп, “чолок кепке” арзыды. Ошол окуядан кийин анын жоругуна күбө болгондор мурдагы ойлорунан айнып кетишти. Көрсө адамдын кадырын бир эле жосунсуз жоругу төмөн түшүрүп салат турбайбы. Ошол үчүн чоң кызматка барарда ден-соолугун доктурга барып текшертип койсо ашыкча болбостур деген пикир жаралды. Бирөөгө сын айтардан мурда өзүнүн келбетин күзгүдөн каранып коюшса, аң-сезимине “көрөңгө” салдырып алышса ашык болмок беле? Негизи кызматты күчкө таянып эмес акыл-эске, кырдаалга чуктап жүргүзсөүзүрүн берет. Кемтигин моюнга алып, оңолуунун жолуна түшүүгө чебелектеген кадр, ал алдыга умтулган адам экен дегенге барабар деп сыпаттасак болот.

Ичикий дедирткен кадрлык жылдыруулар деле болгонун айта кетели. Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына секирик жасаган Азамат Кененбаев тууралуу ачуу сөздөр агытылды. Эми мунун чындыгы бар. Ар дайым келген мэрлерге калпак, чапан кийгизип, колуна камчы карматкан адамга мынчалык сый-урмат көрсөтүүнүн зарылдыгы бар беле? Жагалданмайды куп үйрөнгөн кадрдан ак үйдөгү ак жакалуулар эмнени үйрөнүшөт, кантип жүгүнмөйдүбү, же мактамайдыбы? А. Кененбаевдин аркалаар иши кайсынысына такалганын билбей башыбыз маң болуп турган кези. Эмнеси болсо да башкача “жыт” каңылжаарды жарып кетти, чиркин! Манас Арабаевдин артында калган кадрларга деле эмитен “суктануулар” артып кетип баратканы эмнеден кабар берет? Чамасы оболу ак үйдөгү кадрларды тандоого, кызматка жайгаштырууга маани берилбесе куйулган “суу” кайра артка тээп чыгаары калетсиз.

Дале болсо айрым үлкөн кызматтар фракциялардын энчисине бөлүнгөндүгү кейитпей койбойт. Маселен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун тандаган кадрлары тарпы чыккандар болуп жатканы жалганбы? Тигил “Ата Журттун” депутаты А. Жамангуловду болсо парламенттен узата албай бозала болушканы боюнча баары билишти. Көрсө жакын “табакташтары” үчүн мандат алып бергиси келген тың чыкмалар эптеп бирөөнү кызматка которуп жоготууну эңсешет экен. Мындайга кеңири жол ачылганын акылы барлар кыйналып-кысталбай эле баамдашат. Ушундан улам көп учурда чийки, алысты көралбаган кадрлар кызматка келип калышууда. Жаман илдеттен кутулушса бийликтин жүзү башкача “нурга” бөлөнмөк.

Дегинкисинде мурдагы кадрлардан арылуу “операциясы” дале жүрүп жатат. Ошентсе да жарактуу кадрлардын тамырын кыркпай, өз ишинде неге пайдаланууга болбосун? Орто звенодогу кадрлар да кээде “чыгымга” учурап кеткени боюнча кабатырлануу болууда. Эч кандай интригалык оюндарга малынбаган, жалаң иши аркылуу нанын тапкандар да баланчанын кишиси деген “тизмеге” алынып, күм-жам болгонун неге көрмөксөнгө салабыз? Алкымды эмес, алга карай жылышты ойлогон бийлик бар болсо эски дарттан кутулушу абзел. Кыргыз элине астейдил кызматын көрсөтүүгө маштарды топтоп, өрдү карай багыт алса мамлекет оңолуу жолуна түшөөрү шексиз. Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка келгенине бир жылга аяк басып баратат. Бийликтин “иммунитетин” көтөрүүгө ак ниетин буруп, жарык, бакубат өлкөлөрдүн катарына мамлекетти кошууга бүткүл күч-кубатын чегерсе эли колдоп берүүгө даяр. Кулкунду эмес, касиеттүү калкын ойлогон эл башчынын ылайым кадамдары ооматтуу болсун! Бийликтин “иммунитети” илдетке чыдамкай, туруктуу болгондо гана алга карай жылыштар айкын жасалмакчы.

Жора Сулайманов

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости