www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир полк солдаттарды тейлеген келин

Союз кези. 18 жашка толгон балдар ден-соолугунан жарабай калып, медициналык кароодон өтпөй калышса дагы, арыз жазып аскерге кетип калышчу эле.

Биз жазгы чакырыкка туш болуп, алыскы Германиянын Дрезден шаарына жакын жерге барып аскердик кызматты өтөп калдык.

Кыргызстандан токсон бала барып, ошончо баладан мен жалгыз бир полкко түштүм. Биз дайыма строй менен ырдап ашканага түшкү тамакка баратканда, алдыбыздан бир сулуу келин чыкчу,албетте ал келин бир офцердин аялы экени баарыбызга маалым.

 Ал келин офцерлер жата турган жатаканада иштегенин алгач көргөндө эле мурунку чакырыктын балдары айткан. Анткен менен тиги келин куурчактай болгон, көзгө толумдуу, ар бир солдат аны имерилип, күүгө келген кунаажынды көргөн букадай эле умсунуп карап калышчу. Эркектин көзү душман деп айтылгандай, эркектер дайыма көз менен сүйүп, сулуулукка азыгылып келгени жашоонуну мыйзамы.

Эркек болгондон кийин, мен дагы дагы ал келинди карап өтчүмүн. Эркекти  сулууга аял затына суктансын үчүн жараткан белем, строй менен бара жатканда, баарыбыздын көзүбүз ал келинде болучу. Барынан дагы Армияндар анан Грузиндер аял дегенде тим эле жанын беришчү, андан дагы эки сөзүнүн бири аял анан кыз болучу.

Алиги келин дайыма ошол убакта, тактап айтканда саат бирге беш мүнөт калганда алдыбыздан суйкая басып күн батыш жакты көздөй басып өтчү. Эмнеге ошол убакта биздин алдыбыздан өтүп, каякка барчу экенин мени кызыктурчу деле эмес. Акыркы кезде ал келинге көнүл деле бурбай калгам. Анткени күндө бизге көрүнүп, солдаттардын тийишип кыйкырганын угуш үчүн эле мага атайын ошол убакта өтө тургандай сезиле берчү.

Анткени аскерге жаңы барып, үйдү сагынып жүргөн кезим эле. Мурунку чакырыктын балдары тим эле аял көрө элек жандай жан алдары калбай ышкырып да жиберишчү. Акыркы кездерде зам ком взвод ал килиндин жанына жакындарда, атайын команда берип койчу “смирно, ровнение на права” деп. Биз оң жакты карап, сторгий шак менен өтүп кетчү элек.

Артиллерияда отуз солдаттан турган команданы “батарея” деп атайт. Бир күнү комбат, тактап айтканда  командир батарея мени бир аптага офицерлердин жатаканасына нарядка жиберди. Ал жак абдан жакшы болучу.

Баягы бизде чогуу кызмат кылган армиян, грузин, мурду коңкойгон азербайжан солдаттар кыйкырып эле калышты, “кандай сага жакшы болду” деп мага суктанышты. Ошентип мен тиги келинди кол алдына барып калдым. Мурда строй менен өтүп бара жатып көрсөм, эми аны менен бирге иштеп калганыма ишене албай жүрдүм. Бирок, ал келин мага эки күн өткөндөн кийин эле жакпай калды.

Кудум чоңдун кыздарындай чоёктогон анан обу жок мактанчаак, эркектерди көргөндө абалын өзгөртө калган аял экен. Ал келиндин сырткы келбети сулуу болгону менен ичи абдан ыплас экенин көрүп алып, анын жанынан кетип калгым келди. Анткени, ал убакытты  болбогон нерсеге эле корто берчү. Андан дагы ал күндө мени магазинге чейин ээрчитип алчу. Аны менен катар басып бара жатканымды көрүшкөн солдаттар, мени ушунчалык бактылуу сезишчү. Ал эми мен болсом мойнунан кармаган иттей араң баратканымды билишчү эмес.

Ооба, сулуу аял заты менен баскан солдат үчүн бакыттын бир үзүмү экенин түшүнөм. Бирок, тиги келинди ушунчалык жаман көрөм десең. Анын күйөөсү деле сулуулугуна карап алып алган соң, кыйналып жүрсө керек.

Айткандай, ал келиндин аты Вера болучу. Вера магазинден көзүнө көрүнгөн нерсени алып алып, мага көтөртүп алчу. Анан жатаканага келгенден кийин мага берчү, муну ыргытып келчи, жакпай калды-деп. Аны канча акчага алды, алганына деле кайыл элем, көтөрүп келген эмгегим талаага кеткенине ич күйөт - десең.

Сулуунун сырт келбети менен ич келбети бирдей болсо анда сулуу деп айтсак абдан жарашат. Ал келин бара көрөз, ач көз, анан ушунчалык эки жүздүү, көп сүйлөгөн аял болучу. Ал полкко бөлүнгөн акчаны өзүнүнүн акчасындай колдончу. Андан дагы убактысынын баары жасанганга өтчү. Бир күнү аны жаш офицер менен жатканын көрсөм, экинчи күнү зам полит менен көрчү элем. Кыскасы, аягы суюк аял экенине көзүм жеткен соң, ага карата болгон сыйым жоголду. Бирок ага канча солдат ашык болуп жүргөнүн жакшы билчүмүн.

Бир апта өтүп, менин ордума түркмөн бала барды. Барганы курусун, ал бала орус тилин такыр билчү эмес. Куурады. Ал дагы бир апта араң чыдагынан айтып келди.

Анан ага ашык болуп жүргөн грузин бала барып аны менен бирге иштеп келгенден кийин, менин айтканым туура экенин айтты.

Андыктан, сырт келбети эле эмес ичи дагы сулуу болсо анда ал аял затын “сулуу” деп айтсак жарашат. Кыскасы, биз кеткенден кийин деле ал келинге ашык болгондордун саны арбын болсо керек. Эркектер дайыма аялдын сулуулугуна карап алып, кыйналып жүргөнү канча? Башкалардан кысканып. Андыктан сулуу аял алган эркектин шору, башкалардан кысканганы. Аялын кайтарып жүрүп өмүрү өтөрү турган иш. Андан дагы, сакалын сүйрөгөн чалдан баштап,боз баш балага чейин сулуу аял затына кызыгары, азгырылары  бул турмуштун жазылбаган мыйзамы экенин да эске алганыбыз жөндүү.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости