www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги «Дори-Дармон» компаниясынан 15,3 миллиард сумга (382,5 миң доллар) медикаменттерди сатып алды.

Алардын арасында 3,9 миллиард сумга бааланган 500 таңгак гидроксихлорохин дарысы бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) быйыл октябрда жарыяланган изилдөөсүндө гидроксихлорохин COVID-19ду дарылоодо натыйжасыз экени белгиленген.

«ДССУ ремдесивир, гидроксихлорохин, лопинавир / ритонавир жана интерферон дарыларын колдонуу менен өткөргөн клиникалык сыноонун утурумдук жыйынтыктары бул медикаменттердин натыйжасыз экенин көрсөттү. Алар өлүмдөрдүн санына эч кандай таасир эткен эмес», — деп жазылган изилдөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости