www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Социалдык фонддун мурдагы жетекчиси Медер Ирсалиевге жана мурдагы аппарат башчысы Акылбек Атабаевге өкүм чыгарды.
Ага ылайык, Ирсалиев «Кылмышка кошо катышуу» (43-берене, 2-бөлүк) жана «Коррупция» (319-берене, 1-бөлүк) беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салды.
Атабаев «Кылмышты аткаруу» (41-берене) жана «Коррупция» (319-берене, 1-бөлүк) беренелери менен айыптуу болуп, 220 миң сом айып пулга жыгылды.
Алар 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынын үгүт иштери үчүн Социалдык фонддун аймактык жетекчилеринен акча чогулткан деп айыпталып, кармалган.
Тергөөдө Ирсалиев менен Атабаев кызматташууга барып, коюлган айыпты толугу менен мойнуна алган жана башкаларга көрсөтмө берген.
Кыргызстанда соңку парламенттик шайдоодо бийликтин партиясы делген «Биримдик» партиясы 24,49 пайыз добуш топтоп, биринчи орунду алган.
Булак: NazarNews.kg