www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суусамыр өрөөнүндө Бишкек-Ош жолунда бараткан айдоочу менен жүргүнчүлөрдү үч киши карактады. Үч адам машинедеги төрт кишини тапанча менен коркутуп, 35 миң сомун тоноп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирген.

Шектүүлөр "Сосновка" постунда токтотулуп кармалган. Алардын унаасын текшергенде таксинин шашкасы менен тапанча табылып, кармалгандардын бири каракчылык кылганын моюнга алышкан.

Шектүүлөр учурда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө. Тиешелүү экспертизалар дайындалганы кабарланды. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости