www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыз атасынын бир тууганынын үйүндө жашап, шаардагы лицейлердин биринде окуган.

Бишкектин Жеңиш конушундагы үйлөрдүн биринен 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Ал Нарын облусунун тургуну болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Ага ылайык, сөөктүн табылганы боюнча маалымат 15-октябрда эртең менен саат 7:30да келип түшкөн.

"Кыз атасынын бир тууганынын үйүндө жашап, шаардагы лицейлердин биринде окуган. Анын сөөгү өз төшөгүнөн табылган", — деп булак билдирди.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кыз сабалып жана муунтулуп өлтүрүлгөнүн көрсөткөн. Кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Т. уулу Д. менен 20 жаштагы Т. уулу М. кармалды. Каза болгон кыз менен кармалгандар тууган болгон. 21 жаштага бала жасагандарын моюндаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: "Спутник кж"


 

Последние новости