www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери "Притон" аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Рейд өткөн дем алыш күндөрү өткөрүлгөн. Анын натыйжасында интим кызматын көрсөткөн 70ден ашуун адам милицияга жеткирилген. Алар менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Иш-чаранын жыйынтыгында 30дан ашуун административдик протокол түзүлүп, ар бирине 20 миң сомдон айып салынган. Жалпы айыптын суммасы 600 миң сомду түзгөн.
Шаардык милиция аталган багытта иштер улана тургандыгын билдирет.