www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII съездине катышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө сот тутумундагы сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун жогорулатуунун, судьялардын статусун жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин чыңдоонун, сот өндүрүшүн, процессуалдык жана материалдык укуктук ченемдерди оптималдаштыруунун өзгөчө маанисин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформага баа берип, сот тутумунун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана негизги милдеттерин белгиледи. Ошону менен бирге ал сот системасын санариптештирүү боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
Андан соң, мыйзамдуулукту бекемдөөдөгү сиңирген эмгеги жана сот тутумундагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Мамлекет башчысы өлкөнүн сот тутумунун бир катар кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлап, келе жаткан кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкеринин күнү менен куттуктады.
Булак: NazarNews.kg