www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги кинотеатрлар 1-декабрдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
Ал мындай сунушту Республикалык штабга бергенден кийин алар уруксат кылганын белгиледи.
“Биз 1-декабрдан тарта ачуу боюнча чечим кабыл алганы жатабыз. Бирок залдар 50 пайызга гана толот. Соода борборлордогу тамак-аш саткан жайлар дагы ачылат. Санитардык нормалар боюнча алгоритм жакшы”, - деди Түлөбаев.
Ал ошондой эле мектеп, бала бакчаларды эске албаганда акырындык менен шаардагы чектөөлөр алынарын, тойканаларга өзүнчө алгоритм киргизилерин кошумчалады.
Эске салсак, ушул жылдын март айынын аягынан бери коронавирус пандемиясынын кесепетинен кинотеатрлар менен театрлардын, соода борборлорунун жана балдар аянтчаларынын иши токтотулган.
Булак: NazarNews.kg