www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгар полициясы Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон терактка тиешеси бар деп шектелген беш адамды кармады. Алардын үчөө Молдованын, дагы экөө араб тектүү жарандар. Бул тууралуу Болгариянын улуттук телеканалы булактарга таянып билдирди. Маалыматты өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы тастыктады.

Тергөө кармалгандар кол салууну уюштуруучуларга байланыш жана логистикалык колдоо көрсөткөн деп эсептейт. Болгариянын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Сыйка Милевдин айтымында, беш шектүүнүн төртөө 72 саатка камалып, камакка алуу талабы сотко жөнөтүлгөн.

Кийинчерээк A Haber телеканалы өз булактарына таянуу менен Түркияда терактка катыштыгы бар деген шек менен дагы сегиз адам кармалганын кабарлады. Кармалгандар террористтерге жардам берип, аларга башпаанек берген деп шектелүүдө. Ошондой эле, тергөөчүлөрдүн айтымында, алардын экөө кол салууга күнөөлүү деп саналган Сирия жараны Ахлам аль-Баширге Сириядан Түркияга мыйзамсыз кирүүгө жардам беришкен.

Стамбулдун борборундагы Истиклал көчөсүндө теракт 13-ноябрда болгон. Натыйжада кеминде 6 адам каза болуп, 81 адам жаракат алган. Түрк бийлиги окуяны теракт деп атап, ал үчүн сириялык күрттөрдү күнөөлөгөн, Күртстандын жумушчу партиясы жардырууну уюштурууга катышканын четке кагууда. Сириянын жараны Ахлам Альбашир теракт жасаган деп айыпталууда. Yeni Safak гезити тергөө аны АКШда даярдалган деп эсептейт деп жазды. Жалпысынан түрк бийлиги кол салууга катыштыгы бар деген шек менен 50 адамды камакка алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости