www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—«Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында» - деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Силерден эмнесин жашырайын. Сөздүн ачыгын айтканда студент кезде эле түштүктүк кыздарды жакшы көрчүмүн. Чогуу окуган группалаштарым «кийин каяктан үйлөнөсүң?» деп сурашса  ошол замат «Өзгөндөн»   деп  дароо жооп берчү элем.  Ушул сөздү көп кайталагандыктан тагдырдын буйругубу, же чын эле  Кудайга үнүм жеттиби, айтор Өзгөндүн бир сулуусу менен кол кармаштым. Башында экөөбүз ынтымактуу эле жашачубуз. Анан саясат деген балекетиң бизди түндүк-түштүккө бөлө баштады. Бир күнү чекесин тырыштырган келинчегим: 

—Силердин байкеңер аялынын тилинен чыкчу эмес турбайбы.  Анын кесепети Кыргызстанга тийип элибиздин жашоосу эмдигиче оңолбой жатат.  Ал байкең кыйратпаган сен кыйратмак белең?! - деп өзүнчө эле ээленип кыжырыма тийе баштады. 

Ошондо сөз кайсы байкем тууралуу болуп жатканын баамдап тилиме ээ боло албай: 

—Байкемден айлангыр! Сенин  акең Кыргызстанды гүлдөтүп жибериптирби?! - деп андан кем калышпай  бийчи акесине асыла баштадым. 

Акыры экөөбүз бир топ убакыт кайым айтышкандан кийин, ал күнү кеч киргиче эмнегедир ага эч сүйлөбөй койдум. Анан өзүмдү алаксыткым келип телевизордун маңдайына отуруп концерт көрүп жаткам. Бир маалда келинчегим келип кычаштык кылгансып башка каналга которуп жиберсе болобу. Башкасы бүтүп ушул эле жетишпей жаткансып экранда белгилүү саясатчы кайнагам сүйлөп жаткан экен. Ал келинчегим менен жердеш болгондуктан өчөшкөнсүп ордумдан шарт  туруп телевизорду кайра концерт болуп жаткан каналга которуп салдым.  Колумдан пультту талашкан келинчегим: 

—Бул акемде  эмне кегиң бар?! Тим кой, сүйлөй берсин! - деп көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп акшырая карады. 

—Эн….!  Концертти да жөн көрсөтпөйсүң! - дегенимде  төркү бөлмөдөн кайненем чыга калып: 

—Эй кысталак! Сөккүдөй мен сага эмне жамандык кылдым?! Өлүңө отурайын уруштун баары жанагы сенин  академик байкеңден башталбадыбы.  Бийчи үкөмдөй болобу. Бечара колунан келишинче аракет кылды. 

Кой балам, концертиңди токтот. Мамлекет деген үй - бүлөдөн башталат. Андыктан силердин чакан мамлекетиңердеги үй - бүлөлүк саясатты мына мен жүргүзөм. Бул жерде «серый кардинал» мен экенимди эсиңе бекем түйүп ал. Болбосо саясий куугунтукка алып атаңдын үйүнө качканга мажбур кылам. Менин кекчил экенимди өзүң деле жакшы билсең керек. Ачуума   тийсеңер куда - сөөк менен ортодогу дипломатиялык байланыштарды таптакыр үзүп коём,  -деди сөөмөйүн кезеп. 

Кайненемдин мындай жагымсыз сөздөрүн укканда коркуп кетип: 

—Апа кечирип коюңузчу. Бирок кызыңыз кээде укугумду тебелеп, ар кандай кемсинткен сөздөрдү айтып, адамдык ар - намысыма шек келтирип жатпайбы. Бул жагы кандай болот?-дедим башымды шылкыйтып. 

—Бажаң экөөңө  ким укук бериптир? Силер биздин мыйзам менен гана жашайсыңар.

Демек, биздин мыйзамга ылайык сен кызыма баш ийип жашашың керек. Мына мыйзамды тоготпогон бажаң азыр саясаттан четтеп Россияда мигрант болуп жүрөт. Анын бир туугандарынын колунда жок болгондуктан акча каражатынан жардам берип турчу элек. Бажаңа эрегишип  экономикалык жактан кысым жасап койдум эле, азыр алар таптакыр кризиске батып отуруп калышты. «Кайындарым мен үчүн эмне кылып коюптур?» - дебестен, сен тескерисинче «Кайындарыма мен кандай кызмат кылышым керек?» - деген ураан менен гана жашашың керек. Экинчи оштуктар жөнүндө оозуңдан жаман сөз укпайын. Уктуңбу балам? - деди үңүрөйүп. 
Кайненемдин сүрүнөн тайсалдагандыктан нарындыкча  «мейли»  деп айткандын ордуна шашып кетип: 

—Майли апа,-деп жооп берсем жылмайган кайненем: 

—Сенин оозеки айтканыңа ишене албай турам. Эмесе  баарын мыйзам чегинде кылбасак болбой калды, - деп айткан соң келинчегимди төркү бөлмөгө жумшап калемсап менен ак барактан бирди алдыртты. 

Ошентип, алардын койгон талабына жараша тил кат жазып бердим. Ал тил каттын негизинде мен мындан кийин алардын үй - бүлөлүк саясатына эч аралашкыс болдум . Мынакей биздин жашоо ушундай...

Булак: Нурислам Кабакбеков, NazarNews.kg 

 

Последние новости