www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-августта Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн башчылары Түркмөнстанга консультативдик жолугушууга барышат. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Бирдирүүгө караганда, жолугушуу "Аваза" улуттук туристтик аймагында өткөрүлөт. 24-июль күнү өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов иш-чарага даярдык боюнча сүйлөшкөн.

"Күн тартиби жана иш-чаранын программасы боюнча эки президент пикир алышты", — деп жазылат кабарда.

Аймак лидерлеринин консультативдик жолугушууларга чогулуп туруу идеясы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге таандык. Биринчи саммит 2018-жылы Казакстанда, экинчиси 2019-жылы Өзбекстанда өткөн. 2020-жылкысы Бишкекте болмок, бирок пандемияга байланыштуу быйылкы жылга калтырылган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости