www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаада электр энергиясын калыбына келтирүү иштери улантылууда. Бишкек электр тармактар мекемесинин басма сөз кызматынан «Кабар» агенттигине билдиришкендей, учурда энергетиктер иш алып барышууда.
Азырынча электр энергиясынын өчүшүнө эмне себеп болгону так айтыла элек.
Эске салсак, бүгүн, 18-июнда Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, турак үйлөр, социалдык мекемелер жана административдик имараттар жарыксыз калды.
Социалдык тармактардын колдонуучулары жол чырактары иштебей жатканын, соода борборлорундагы үзгүлтүктөр, суу электр насостору менен берилген айрым райондордогу кыйынчылыктар тууралуу билдирүүлөрдү жазышты.