www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Россияга жасалуучу авиакаттамдар этап-этабы менен калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, сентябрь айында Россияга 20 каттам жүргүзүлгөн. 21-августта Кыргызстан аба мейкиндигин 32 өлкөгө ачкан. Азыркы тапат бир катар жарандарга Россияга кирүүгө уруксат берилди:

Алар Россиянын жарандыгы барлар жана Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө);

медициналык жардамга муктаждарга;

жакын туугандары каза болсо;

бейтапты караган адамдарга;

спортчуларга.

"Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат. Ал эми студенттердин Россияга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россия студенттерди кабыл алуу боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер обочолонуу нормаларын сактоого милдеттүү болушат", — деди Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости