www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык маселелер боюнча Ооганстандагы координатору Рамиз Алакбаров күн мурун өлкөнүн чыгышында болгон катуу жер силкинүүдөн 2 миңге жакын үй кыйраганын билдирди.

Бир эле маалда БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары кызматын да аркалаган Алакбаров шаршемби күнү кечинде Нью-Йоркто өткөн брифингге Кабулдан видеобайланыш аркылуу чыгып, кырсыктын курмандыктары мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Анын айтымында, БУУнун кызматкерлеринде адамдарды урандылардын алдынан алып чыгуу үчүн атайын жабдуулар жок. Мындан улам алар жергиликтүү бийликтин аракеттерине үмүт артууда.

“Талибан өкмөтү кырсык болгон аймакка 50 тез жардам унаасын, бир нече тик учак жөнөтүп, жабыркаган элге каржылык жардам берүүнү убадалады”, – деди Алакбаров.

Ал ортодо БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Ооганстандагы катуу зилзаладан улам азыр миңдеген бала коркунучта экенин билдирди.

“Азырынча биз кыйроолордун так масштабын билбейбиз, бирок жүздөгөн киши, анын ичинде аялдар менен балдар каза болду деп болжолдоп жатабыз. Көптөгөн адамдар жараат алып, өтө көп турак жай кыйрады. Алыскы тоолуу аймактардан маалыматтардын келиши менен курмандыктардын саны дагы өсөт деп күтүлүүдө. ЮНИСЕФ жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн мобилдик топторун жөнөттү”, – деп билдирди фонддун өкүлчүлүгү.

Расмий маалыматтарга караганда, жер силкинүүдөн Ооганстандын Пактика, Хост жана Нангархар провинцияларында бери дегенде эле 1 миң киши өлүп, 1,5 миңге жакыны жараат алды. БУУ менен Эл аралык Кызыл Чырым уюму каза болгондордун саны дагы көбөйөт деп күтүлүп жатканын билдирүүдө.

БУУнун Ооганстандагы гуманитардык маселелерди координациялоо кеңсеси жер титирөөдөн жабыркаган райондорго азык-түлүк менен чатырларды жеткирип жатканын кабарлады. Уюмдун билдирүүсүндө адамдар тамак-ашка, кийим-кечеге жана дары-дармекке тез арада муктаж болуп жатканы белгиленген. БУУ өкүлдөрүнүн айтымында, нөшөрлөп жааган жамгырдан жана шамалдан улам жабыркагандардын арасында көбүнчө чатырга муктаждык көп болууда.

БУУнун Кабулдагы кеңсеси менен Эл аралык Кызыл Чырым уюму, ошондой эле бир катар өлкөлөр Ооганстанга жардам берүү өтүнүчү менен эл аралык коомчулукка кайрылышты. Кызыл Чырымдын шаршемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө бир нече уюмдун колдоосу менен жабыркагандарга жардам берүү үчүн ыктыярчылар даярдалганы жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости