www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргыз өлкөсү эл аралык аренада маанилүү жеңишке жетишти. Нью-Йорктогу Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясы Кыргыз өлкөсүнүн "Жаратылыш чек араны билбейт" аталышындагы резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Сеит Убыкеев социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, аталган долбоор экология жана биологиялык ар түрдүүлүктүү сактоого багытталган.

"Аталган демилгенин символу Ак илбирс болуп калды. Жөнөкөй тил менен айтканда, биздин өлкө эл аралык тоолуу өлкөлөр үчүн экологиялык көйгөйлөрдү чечүү планын сунуштады. Бул окуя кыргыз дипломатиясынын жеңиши деп ойлойм. Аталган демилгенин негизги максаты - экологиядагы эң көйгөйлүү маселелерди чечүүдө эл аралык донорлорду тартуу болуп саналат", - деп жазган Сеит Убыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости