www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпулду киргизүүнү караган «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документ үч жашка чейинки балдары бар жана бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып алар үч жашка чыкканга чейин «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 3 миң сом өлчөмүндө белгиленет.
Каржы министрлигине жөлөкпулдарды өз убагында төлөө үчүн белгиленген тартипте республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды.
Ал эми Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүүсү белгиленди.
Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.