www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кол салуудан кийин тажикстандык чек арачылар кармап кеткен КРдин Чек ара кызматынын прапорщиги Умаров кыргыз тарапка берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Жоокерди мекенине кайтаруу боюнча 9-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери сүйлөшкөн.

"Бүгүн түнкү саат бирге чукул Кыргызстандын чек ара өкүлү менен аскер кызматкери Умаров "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга кирди", — деп айтылган маалыматта.

2021-жылдын 10-июнундагы саат 10:00гө карата алынган маалыматтарда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абалдын туруктуу экени кабарланды.

Белгилей кетсек, кечээ, 9-июлда, Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудагы атышууда тажик тараптын огунан курман болгон кыргызстандык чек арачы сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү алып келинген.

Эске салсак, 8-июлда саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости