www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-март 2026-жылы Аламүдүн РИИБине арызы менен 1988-жылы туулган Р.М. кайрылган. Ал өз арызында 27-апрель 2026-жылы Аламүдүн районунун Васильевка айылында арыз ээсин М.З. жана А.Н., М.Н. аттуу айылдаш балдар эч себепсиз денесине залал келтирип, белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин билдирген.
Аталган факт катталып, арыздануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, арыздануучунун оң тизесинин көгөрүүсү «жеңил жаракат» деп аныкталган.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш иши боюнча 2008-жылы туулган А.Н., 1987-жылы туулган М.З. жана 2005-жылы туулган М.Н. аттуу жарандар шектүү катары аныкталып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө уланууда.