www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дааратканага кирген өспүрүмдү жылан чагып алды

Акылга сыйбас окуя Таиланддын борбору Бангкок шаарынан 20 км алыстыктагы Нонтхабуриде катталды. 18 жаштагы Сирапхоп Масукарат аттуу өспүрүм дааратканага кирип, отурары менен жыныстык органы күтүүсүз катуу сыздаган.

Жүрөгү түшүп, секирип турган өспүрүм унитаздагы жыланды көрүп, шок болду. Баланы чаккан жыландын узундугу 1 жарым метрдей болгон. Өспүрүм дароо Банг Яй ооруканасына жеткирилип, жаракат алган жери үч жолу тигилди. Микробдор кирип кетпеши үчүн антибиотикалык дарылоо жүргүзүлүүдө.

Болуп өткөн окуя тууралуу Сирапхоп: “Унитазга отураарым менен катуу сыздаткан оорутууну сездим. Карасам жылан турат. Жылан анча чоң эмес болчу, бирок катуу оорутту. Эртерээк айыгып кетсем экен деп жатам”, - деди.

Ал эми өспүрүмдүн апасы Сутапах бул тууралуу: “Аябай корктум, жыландын үйгө кантип кирип кеткенин билбейм” деп айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости