www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Продюсер, Дана Абдыбекова, “Сулуулуктун символу – Акмөөр”, деп Майдан.kg гезитине маек курган.

Гран-прини утуп алган Айбийке деген сулуу кыз Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Кулбараков белек кылган авто унаа менен сыйланды.

-Дана эже, “Ак мөөр” фестивалын кандай максатта уюштурдуңар жана эмне үчүн Соң-Көл жайлоосун тандап алдыңар?

-18-19-20-июль күндөрү Соң -Көл өрөөнүндө сулуулуктун символу болгон “Акмөөр” фестивалын өткөрдүк. Акмөөр эжебиз Ак-Талаа районунан болсо да, Соң-Көлдүн жайлоосунда балачагы өткөн үчүн ошол жерди тандап алдык.

Анткени, сулуулуктун символу болгон Акмөөр эжебизди Жантай жездебиз ошол Соң-Көлгө түшүп жаткан жеринен көрүп, сүйүп калып, өмүрлүк жар кылып алган. Бул бир жагы. Экинчи жагы мамлекеттин өнүп өсүшүнө жана туристтердин келишине салым кошолу деген негизде Соң-Көл жайлоосун тандадык. Буюрса бул иш чараны жыл сайын өткөрсөк, туристтер агылып келет деген үмүтүм бар.

Анткени, жалаң эле сулуулар конкурсу эмес, кыргыздын улуулугун даңазалаган ат оюндарынын түрлөрү да уюшулуп, баргандар бирде кыздардын сулуулугуна суктанса, бирде керемет ат оюндарынын түрлөрүн көрүп, таза абада, чер жазышты.

-Жеңүүчүлөр кандай сыйлыктарга ээ болушту?

-Гран-прини утуп алган Айбийке деген сулуу кыз Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Кулбараков белек кылган авто унаа менен сыйланды. Калган катышуучулар 20-10 миң сомдук акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

-Сулуулар конкурсуна канча кыз катышты жана жеңүүчүлөр кандай критерийде тандалып алынды?

-Кыргызстандын облустарынан 9 кыз катышты. Эң негизгиси кыргыздын нукура өнөрлөрүн өздөштүргөнүнө басым коюлуп, Акмөөрдүн монологун айтышты. Кыскасы, сулуулар бардык жактан элдин сынынан өттү. Мыктысы жеңүүчү аталды.

-Аталган фестиваль кимдердин колдоосу менен өттү?

-Маданият министринин жана Ак Талаа администрациясынын колдоосу менен уюшулду. Уюштуруу иштеринин баарын Ак Талаа администрациясы моюнуна алды. Ошондой эле Кыргызстан аялдар конгресси да салым кошту. Эң негизгиси Ак Талаа жергесинен чыккан таланттардын демилгеси менен Бишкекте уюшулган концерттен түшкөн каражат толугу менен фестивалга жумшалды. Фестивалды кыргыз көчү менен баштап, Ак Талаадан чыккан баатырлардын, залкарлардын элеси менен коштолду.

Тагыраак айтканда, Шырдакбек баатыр, Тайлакбек баатыр, Тоголок Молдо, Нурак Абдрахмановдордун элесин чагылдырылган грим жасоочуларды Бишкектен алдырып, аталаган залкарлардын киймдерин кийгизип, кыргыз көчүн улай бастырдык. Кыскасы көчтү улап мал айдалып, тирүү залкарларыбыз да өтүп, фестивал масштабдуу деңгээлде болду, деген Дана Абдыбекова  “Майдан. kg” гезитине.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости