www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 4-июндагы жалпы жыйында дагы депутаттардан бет кап тагынууну суранды. Кесиптештерине айып пул тууралуу да эскертти.

«Урматтуу депутаттар, сураныч, бет капты тагынып отурсаңыздар. Бул коомдук жай. Саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлгө алып, эскертип жатат. Мыйзам бар, коомдук жайда бет кап  тагынбай жүргөндөргө айып пул салынат. Сиздерге айып пул келип калышы мүмкүн, таарынбаңыздар.

Ошондуктан мыйзамды сыйлап, урматтуу депутаттар, бет кап тагынып отуруңуздар, бири-бирибизди сыйлайлы. Мыйзам да ошону талап кылып жатат. Биз үлгү бололу, урматтуу депутаттар. Ушул тараптан ар кандай, журналисттерден да суроолор түшүп жатат», - деди төрага.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости