www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-декабрда Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым баштаган парламенттик делегация Кыргызстанга расмий иш сапар менен келди.
Сапардын алкагында алгач Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым тар чөйрөдө жолугушуп, андан соң парламент депутаттарынын катышуусунда кеңири курамда сүйлөшүү жүргүзүштү.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков акыркы жылы кыргыз-түрк алакасы жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: “Кыргызстан тарыхый байланышы терең кыргыз-түрк кызматташтыгын ар тараптуу арттырууга кызыкдар. Мамлекет башчыларыбыз да достук, бир туугандык мамилени бекемдөөгө басым жасап, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурууда”, – деди.
Муну менен катар парламенттер аралык кызматташтык маселесине токтолгон Төрага Дастанбек Жумабеков: “Биздин парламенттер мамлекеттер аралык мамилени өнүктүрүүдө олуттуу роль ойнойт. Тагыраагы, парламенттер аралык сүйлөшүүлөр бардык маселелерди ачык жана конструктивдүү чечүүгө өбөлгө болуп келет. Айрыкча, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштарыбыз жигердүү уланууда. Алсак, түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттеринин кызматташтыгынын жападан жалгыз аянтчасы саналган ТүркПАнын алкагындагы алакаларыбыз негизги мааниге ээ”, – деп кошумчалады.
Ошондой эле Бириккен Улуттар уюмунун алкагындагы маселелерге да токтолгон Төрага: “2027-2028-жылдарга БУУнун коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин тандоо боюнча Түркия Республикасынын көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз”, – деди. Аны менен катар 2019-2023-жылдардын аралгына ЮНЕСКОнун Аткаруу Кеңешине Кыргызстан өзүнүн талапкерлигин койгондугун эске салган Дастанбек Жумабеков, бул жаатта да Түркиянын колдоосу зарыл экендигин кошумчалады.
Мындан тышкары жолугушууда соода-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, тараптар бул багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү керектигин белгилешти.
Алсак, Төрага Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. АКШ долларына чейин чыгаруу зарылчылыгына токтолуп, бул үчүн Кыргызстанды 2019-жылга карата Түркия Республикасынын импорттук-бажы режимине кошуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Муну менен катар Кыргызстанда өндүрүлгөн фасолду Түркияга экспорттоодогу мүчүлүштүктөрдү чечүү маселесин көтөрдү.
Андан тышкары, жолугушууда аскердик кызматташтык маселелери да каралды. Ошондой эле Түркияда эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандары үчүн эмгек визаларын ачуу жана ишке уруксат алуунун шарттарын жеңилдетүү менен алардын бааларын төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Ал эми маданий алакалар тууралуу да кеп салган Төрага Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк 4-көчмөндөр оюну Түркияда өтөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Бинали Йылдырым Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу кызматташтык ырааттуу улантылып жатканын билдирип: “Кыргызстан Түркиянын Борбор Азиядагы негизги саясий-экономикалык өнөктөшү. Ага ылайык кызматташтыкты арттырууга багытталган бардык маселелерди кеңири талкуулап, бүгүнкү жолугушууда да айтылган сунуштардын баарын колдоого даярбыз. Анын ичинен ЮНЕСКОнун Аткаруу Кеңешине Кыргызстандын талапкерин жактайбыз жана жакынкы аралыкта кыргыз-түрк Өкмөттөрү ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө келишимди биздин парламентте да ратификациялап берүүгө аракет кылабыз”, – деди.
Ошондой эле Бинали Йылдырым парламент Төрагасы катары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтун куруу жана аскер тармагына акысыз материалдык-техникалык жардам берүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөрүн билдирди.
2019-жылы Ош шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыялоону сунуштаган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты арттыруу маселесине да токтолуп, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Түркиянын дарылоочу мекемелеринде акысыз медициналык тейлөөдөн өтүү үчүн бөлүнгөн 100 квота кошумча дагы 50гө көбөйтүлгөнүн белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар бүгүнкү жолугушуулар кыргыз-түрк достугун жана кызматташтыгын арттырууга өбөлгө болорун кошумчалашты. Эске салсак, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары А.Баатырбеков, Т.Мамытов, И.Матраимов, Р.Чойбеков, К.Орозова, Ж.Мусабекова, А.Юсуров жана И.Гайпкулов катышты.
Белгилей кетсек, Төрага Бинали Йылдырым баштаган түрк парламенттик делегациясы Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Сапардын алкагында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен да жолугушат.
Булак: NazarNews.kg