www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова Factchek.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировду сотко берүү пикирин кайра ойлоп көрүп, баш тартты.

Анын айтымында, "маалыматты манипулациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуудан кийин ал журналист менен маектешкен. Тараптар Айнура Осмонова  калп айтты деген маалыматты Болот Темиров туура эмес айткан деген жыйынтыкка келишкен.

"Мен эч качан калп айтпайм. Баары мени чынчыл адам катары билишет. Болот Темиров дүйшөмбү күнү өзүнүн редколлегиясы менен жолугуп, андан кийин биз дагы бардыгын талкуулайбыз деп убада берди», - деди Айнура Осмонова.

Белгилей кетсек, бир күн мурун өз сөзүндө Болот Темиров депутаттарды жасалма эмес, тескерисинче, керексиз сайттарды жаап салуу максатында манипуляция жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштап жаткандыгын сынга алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости