www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пандемия учурунда дарынын баасын кескин көтөргөндөр дагы деле жоопкерчиликке тартыла элек. Мындай пикирин бүгүн, 28-июнда депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
"Пандемияда дарынын баалары өтө кымбат болду. Айрымдар 2-3 эсе көтөрүштү. Алар бүгүнкү күнгө чейин эч кандай бир жооперчиликке тартылган жок. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, алар биздин элдин тагдыры менен ойношту. Алар элдин кайгы-муңунан пайда табууну ойлошту.
Бүгүнкү күндө дары-дармек эң кымат биздин өлкөдө экен. Ушул маселе боюнча кандай иш алып бара жатасыздар? Дары-дармектин баасын көзөмөлдөгөнгө кандай иш алып барып жатасыздар", - деп депутат.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков аталган кемчиликтер бар экенин, сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынса, бааларды көзөмөлдөө катуу болорун билдирди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы комитетке мыйзам долбоорун сунуштап, бааларды эффективдүү көзөмөлгө алуу, катуу чара көрүү нормаларын киргизүүдө.
Булак: NazarNews.kg