www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз Жетим-Тоону, кендин иштерин, пайда-зыянын түшүнбөй, бир топ пикирлерибизди билдирдик. Билбей туруп акыл үйрөттүк. Албетте, мындай учурда чыныгы тажрыйбалуу адистердин пикири өтө зарыл. Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков ЖетимТоо боюнча кызыктуу пикирин билдирди. Тоо-кен тармагында иштеген ишканалардан бюджетке чоң каражат түшүүдө.

Мисалы, 2020-жылы 19 миллиард сом, 2021- жылдын жыйынтыгы менен казынага 23 миллиард сом түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын алты айында бюджетке аталган тармактан түшкөн киреше 25 миллиард сомго жеткен. Жылдын соңуна чейин бул көрсөткүч 30 миллиард сомго жете турганы болжолдонууда. Башкача айтканда, тоо-кен тармагы учурда экономиканын локомотиви болууда. Азыркы тапта Жетим-Тоо кени боюнча талкуулар жүрүүдө.

Союз учурунда 1983-жылдары ал жакта алдын ала чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Аталган темир кен жети участоктон турат. Эң чоңу Даңгы, андан тышкары, Айран-Суу, ТуюкСуу, Молдо-Башы, Телеке, анан Күрмөнтү деген участоктор бар. Узундугу 40 чакырым, туурасы 5 чакырымга чейин жетет. 80- жылдары жүргүзүлгөн алдын ала чалгындоо иштерине ылайык, аталган кендеги темирдин кору болжолдуу түрдө 3,8 миллиард тонна.

Темирдин магнетит жана гематит деген эки түрү бар. Муну такташ үчүн дагы геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүш керек. Чалгындоо иштерин жүргүзүп, кен иштетип баштаганча акча каражаты талап кылынат. Атайын резервдер боюнча мамлекеттик комиссия бар. Ошонун балансына темир кору коюлуш керек. «Бүгүнкү күндө Жетим-Тоо темир кенинде момунча миллиард темир кени бар. Магнетити мынча, гематити мынча пайыз» деп айта алабыз.

Ал эми экинчи маселе – темир кенин иштетүү үчүн биз темир жолду салбасак болбойт. Кара-Кечеден көмүр ташыгандай кылып темир ташый албайбыз. Жылына 1 миллион тонна көмүр ташыган болсок, ошого канча чыгым кетип жатат? Экологиябыз бузулуп, жолдор талкаланууда. Ал эми темир кенин ташуу үчүн ондогон миллион тонна темир рудасын ташышыбыз зарыл болуп калат. Ал жерге машинелердин дагы экономикалык мүмкүнчүлүгү болбой калат. Ошон үчүн темир жол зарыл. Ага дагы кошумча каражат керек. Убактысы боюнча дагы үч-беш жылдай темир жол салганга кетип калышы мүмкүн. Логистикасын, инфраструктурасын түзүү үчүн ал жерге күчтүү вольттогу электр линиясын тартып барышыбыз керек. Ага да кошумча каражат жана убакыт кетет. Болжолдуу түрдө бул долбоор толугу менен ишке киришип башташы үчүн эле жок дегенде жети жылдан он жылга чейин убакыт өтүшү мүмкүн.

Эң көйгөйлүү нерсе – жогорудагы иштерди жүзөгө ашыруу үчүн ал жердеги жети участоктун бешөө Нарын коругуна кирип калат. Ал үчүн экологиялык жактан коомчулук менен бул маселени талдап, «келечекте иштетишибиз керек» дегенден кийин беш участокту коруктан чыгарып, иш-чараларды жүргүзүү шарт. Бул тармактагы адистер аталган кенди иштетүүнү айтышууда. Ансыз экономикага салым болбойт. Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын өзүнүн эле карызы 130 миллиард сомго жетип отурат. Ошону менен бирге коомчулуктагы каршылыктар дагы туура. Себеби алар дагы пайда-зыяндарын билиши шарт. Мисалы, аталган кендин аймагында жергиликтүү тургундар чарбалык иштерин жүргүзөт.

Мындан тышкары, кенде жайгашкан эки участоктон башкасы өзгөчө корголгон аймакта жайгашкан. Ошондон улам «аны иштетүүгө болбойт» деген да пикирлер бар. Бул маселе боюнча адистер жергиликтүү элге, жалпы экономикага салымын эсептеп, ошондой эле экологиялык коркунучтардын алдын алуу менен иштетүү жолдорун табуу керек. Ал үчүн жакшы бизнес-план түзүлүп, баардык иштер ачык-айкын жүргүзүлүшү кажет.

Мындан тышкары, өзгөчө корголгон аймактагы участокторду андан чыгаруу зарыл. Анткени аталган кенден болжолдуу түрдө 10 миллиарддан 100 миллиард долларга чейин пайда табууга болот. Бирок ал үчүн жогоруда айтылган көйгөйлөрдү чечүү шарт. Сөзсүз түрдө иштетсе болот. Жерүй алтын кени боюнча да сунуштарды айтып келгенбиз. Ал жерде чалгындоо иштери жүргөн. Ошону дүйнөлүк экономикалык институттар менен байланыш болгон мекемелерге, банктарга кайрылып, керек болсо алтындын бир бөлүгүн күрөөгө коюп, мамлекет акча алып туруп, анан иштетсе пайдалуу болорун айтканбыз. Себеби, учурда Жерүй алтын кенинде бир пайыз дагы үлүшүбүз жок.

Бирок алардын эсептөөлөрүнүн негизинде «20 жыл иштетебиз, 80 тонна алтын өндүрөбүз» деп жатышат. Ошонун кирешеси 4,2 миллиард доллар болсо, таза кирешеси 1,5 миллиарддан 2 миллиард долларга чейин болот. Биз ал жерден бир да тыйын албайбыз. Башка компаниялар сыяктуу эле алар социалдык төлөмдөрдү, башка салыктарды төлөп берет. Бул кенди иштетүүгө Кытай өлкөсү абдан кызыкдар.

Анткени алардын темирге болгон бир жылдык муктаждыгы миллиард тоннага чейин жетет. Биз бул кенди иштете турган болсок, Кытайдын инвестициялык банкынабы күрөөгө бир бөлүгүн коюп, акчаны алып, инфраструктурасын түзүп, жогоруда белгилеген маселелерди чечип, өзүбүз иштетип, таза продукцияны алып, анан сатсак болот. Бул туура жол болмок. Коомчулукта Жетим-Тоо боюнча көп пикирлер айтылып кетти. Кумтөрдүн Кыргызстанга өтүшүн айрымдар «пайдалуу» деп айтып жатса, башка бирөөлөр «пайдасы деле жок» деген пикирин билдирүүдө. Бул пикирлер ачыктыктын жоктунан айтылууда. Биз Кумтөргө тышкы башкаруу киргенде эле билдиргенбиз. Директорлор кеңеши болгон, Кыргызстандын мүчөлөрү кирген. Алар канчалык ачык иштеп жатышканы белгисиз, бирок маалыматтар жарыяланып жатты. «Бюджетке мынча акча түштү», «курулуш маселелерине тийешелүү тоо-кен тармагына кетип жаткан чыгымдарга мынча каражат коротулду» деген маалыматтар чыгып турчу.

Ошондуктан бул кенди иштетээр алдында дагы директорлор кеңеши дейбизби, ошол сыяктуу бир кеңеш түзүп, коомчулуктан дагы мүчөлөрдү кошуп, баардыгы ачык-айкын болушу шарт. Коомдук көзөмөл менен кен иштетиле турган болсо, канча темир өндүрүлүп жатканы, аны канчага сатып жатканы, пайдасы, чыгымы кандай болгону, пайдасына келген акчалар кайда түшкөнүн коомчулук өзү көрүп билип катышып турса, анда алдын ала айткан маселелер пайда болбойт. Коомдук башкарууну кошо киргизсек, алар башкаруу жүргүзүп, көзөмөл болуп турса, бул жакшы көрүнүш.

Орто Азия чөлкөмүндө мындай темирдин кору бар өлкө жок. Бирок темирге муктаж болгон өлкөлөр көп. Казакстанга, Россияга, Кытайга керек. Ушундай чоң кенибиз турса, анан аны «иштетпейбиз» деп жата берсек, туура болбой калат. Же биздин балдарыбыз «кенди иштетишибиз керек» деген деңгээлге жетишин күтүшүбүз керекпи? Ошондуктан коомдук көзөмөл менен кенди иштетип, ачык-айкындык болсо, анда туура жолго багыт алабыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости