www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Сенаты Дональд Трампты президенттик кызматтан кетирүүгө каршы добуш берди. Трамп «Кызматынан кыянат пайдалануу» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча акталып, андан бардык айыптоолор алынды.

Биринчи берене боюнча 48 сенатор президентти «күнөөлүү», 52си «күнөөсүз», экинчи берене боюнча 47си «күнөөлүү», 53ү «күнөөсүз» деп добуш берди. Трампты кызматтан кетирүү үчүн демократтар добуштардын үчтөн экисин же 100 сенатордун 67синин колдоосун алышы керек болчу.

Президенттин отставкасын колдоп Республика партиясынын бир гана мүчөсү добуш берди – ал 2012-жылы президенттикке талапкерлигин койгон Митт Ромни. Ошол эле маалда Демократтар партиясынын бир дагы өкүлү, анын ичинде бир катар маселелер боюнча Трампты колдоп келген Жо Манчин дагы президенттин импичментине каршы добуш берген жок.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти Зеленскийди өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. АКШ президенти бул дооматтарды четке кагып келген.

Последние новости