www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ бешинчи вакцинаны жактырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму америкалык Moderna компаниясынын вакцинасын коронавирусту дарылоодо сунуш кылынган препараттарын тизмесине киргизди.

Бул жалпысынан уюм сунуш кылган бешинчи, ал эми америкалык компаниялардын үчүнчү вакцинасы.

Тизмеде АКШнын Pfizer/BioNTech жана Jannsen (Johnson & Johnson компаниясынын бөлүмү), британ-швециялык AstraZeneca жана анын Индияда иштеп чыгарылган варианты бар.

БУУ Кытай жана Орусиянын бир дагы вакцинасын сунуштай элек.

Коронавирус пандемиясы 2019-жылы ноябрда Кытайда башталган. Балтимордогу Жон Хопкинс университетинин эсебинде, 1-майга карата дүйнөдө оору жугузуп алгандардын жалпы саны 151 миллион 500 миңди түздү. 3 миллион 182 миң каза болду.

Эсеп мамлекеттердин расмий бийликтеринин маалыматтарына таянып чыгарылууда. Айрым өлкөлөрдө вирус жугузуп алган жана андан каза болгондордун чыныгы эсеби жаап-жашырылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости