www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2022-жылдын сентябрына чейин ар бир өлкөнүн калкынын 70 пайызын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүгө жетишүүнү максат кылууда. Бул тууралуу ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус айтканын РИА Новости жазды.

"Биздин максат келерки жылдын сентябрына чейин дүйнөдөгү ар бир мамлекеттин калкынын 70 пайызын эмдөө болуп саналат. Баары ордуна келишин каалайбыз. Биз пандемияны токтото алабыз. Жер жүзүндөгү адамдардын 70 пайызын эмдөө боюнча максатыбызды жүзөгө ашыруу үчүн бизге 11 миллиард вакцина керектелет. Муну тездетүү зарыл. Бирок азыр жер жүзүндө кризис болуп, буга карата тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылууда", — деген Гебрейесус.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 221 миңден ашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости