www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
—Эльвира айым, жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыппулдардын баасы өтө жогору экенин айтып канкакшап жатышат. Бул элдин тоноонун маданияттуу формасы эмеспи?
—Элдин нааразылыгы туура. Биз Европага теңелип айып салганыбыз акылга сыйбай турат. Аларды туураган соң ошолордой шарттарды түзүп беришибиз керек эле. Мисалы, биздин көчөлөрүбүз тар, кээ бурулуштарда тыгын эки, үч көчөгө батпай калды. Ушул сындуу көйгөйдү жоюп, толук шарт түзүп, анан чоң айыпты киргизсек болмок. Мындан сырткары, дүйнө жүзүндө айыптар жогору болгон мамлекеттерде айлыгы да жогору. Биздикин карабайсызбы, элди тономой болуп калды. Анан элдин ачуусу келет да. Дагы бир өкүнүчтүүсү жаңы камералар коюлду, бирок МАИ кызматкерлери жолдон алынган жок, Ошондой эле унаа токтоочу жайларды курбастан, жол жээгиндеги унааларга туура эмес токтоттуңар деп айып салып жатат. Бул да туура эмес.
Социалдык тармакта көрүп жатам, бирөө өчүп-жанган жол чырактан өтүп кетип айыпка илинип калыптыр. Көчөлөрдүн көп кесилишинде, Совет-Бөкөнбаев, Совет-Киев көчөлөрунүн кесилишинде жөө адамдар өткөнгө чейин эле жол чырак өчө баштайт, бурулганга жетишпей каласың. Мына ушундай техникалык маселелерди чечип туруп, анан чоң айыптарды киргизсе болмок. Айтор, биринчи орунда элдин жашоо деңгээлин, айлыгын, анан жолдордун шарттарын карап айыппулдарды чегериш керек.
—МАИ кызматкерлери «шабашка» жасоонун түрдүү жолдорун өздөштүрүп, элди тоноп жатканы коомчулукта көп айтылууда, буга өзүңүз да күбө болуп жаткандырсыз?
—Бирөөсүн айтсам, МАИ кызматкерлери алкотестерди албай айдоочуну токтотуп алып: «ичтиңизби, ичкен жоксузбу шаардагы наркодиспансерге барып текшертип келели» деп кыйнайт экен. Жарандар шашып жатса, ал жакка барганга убактысы жок, анан аргасыз акчасын берип жатат. Буга мен өзүм да күбө болдум, эртең менен аэропортко такси менен баратсам токтотуп алып: «Сиз массызбы» деп бир топко кармады. Мен барайынбы десем «өчөшүп» алат деп эптеп өзү сүйлөшүп бүтүрдү. Эптеп эле тономойго өтүптүр. Мындан Кыргызстандагы коррупция кандай деңгээлге жеткенин байкасак болот.
Булак: "De-facto"