www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта “Самолет менен Минскиден келеткан Назгүл Төлөмушованын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз. Бул тууралуу президенттин катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ага кошумча, "Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда, Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткен.

Ошону менен бирге, жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз", - деди Султанбаев.

Эске сала кетсек, экс-президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшова 15-январда жарык дүйнө менен кош айтышкан. 

Последние новости