www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Апрель революционерлери” аталган бийлик Кыргызстандын сырткы карызын кескин көбөйтүп кеткендиги белгилүү. Ал карыз кыска мөөнөттө — ​бар болгону үч-төрт жыл ичинде эле — ​1,5 млрд доллардан 4,0–4,5 млрдга чейин жетип, эми 5 млрд долларды чапчый баштады. Анан дагы, эң эле кооптуусу — ​ошол сырткы карыздардын дээрлик жарымына жакыны дайыма алыскы келечекти эске алып, биринчи иретте өз кызыкчылыгын алдыңкы орунга коюп туруп карыз бере турган улуу Кытай коңшубуздун үлүшүнө туш келүүдө. Эл аралык валюта фондунан, дүйнөлүк банктан алган ушуга чейинки чейрек кылымга жакын аралыкта, — ​карыздарыбызды реструктуризациялоо аркылуу эсептешип же башка дагы ийкемдүү жолдор менен төлөп келсек, кытайлык карыздарда андай ийкемдүү жолдор жана кредит алган тарап үчүн ар кандай тобокелчилдиктер алдын-ала каралбагандыгынын өзү өтө шектүү!

Не болгон күндө да, “апрелчилер” Кыргызстандын келечек муундарынын моюндарына оор жүк болуп илине баштаган бул кредиттердин пайдалануу милдетин өз моюндарына алышкан сымал эле, анын келечектеги кесепеттери боюнча да тек гана моралдык жоопкерчилик тартуу менен чектелип калбашы абзел. Ар бир кредит жана аны пайдалануу — ​ийне-жибине чейин изилденип, мыйзам талап кылган учурларда, тиешелүү адамдар мыйзамдын бүт катаалдыгы боюнча жооп берүүлөрү зарыл.

Кытай Кыргызстан менен Өзбекстанды бир жол менен туташтырганы жатат. Бул албан долбоор бир нече жылдан бери талкууланып келе жатса да, эми гана конкреттүү мүнөзгө ээ боло баштады окшойт. Бирок, азырынча болочок темир жолду талкуулоо али өлтүрүлө элек аюунун терисин бөлүштүрө албай жатканга окшойт. Ушундан улам, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин бир аз курчуй баштаганы бул али башталышы гана десе болот.

Бирок, азырынча бир нече гана цифраларды келтирелик. Кыргыз маалымат порталдары болочок темир жол тууралуу буларды жазып жатышат: «Долбоордун Техникалык Экономикалык Негиздемесин (ТЭО) иштеп чыгуу кытайлык China Road компаниясына тапшырылган. Узундугу 450 чакырым болгон жолду курууну финансылоо маселеси чечилбеген бойдон калып келе жатат. КЭРнын өкмөтү темир жолду куруу боюнча биринчи иретте чечүү үчүн Кыргызстанга 30 млн юань сумма өлчөмүндөгү грант бөлдү.

Алдын ала жасалган ТЭОго ылайык, Чыгыш Азиядан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жана Түштүк Европага чейинки жол 900 км болуп калат, ал эми жүк ташуу мөөнөтү 7–8 сутканы түзөт. Мындан сырткары, курулуш Борбордук Азия өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасынын өнүгүшүн камсыз кылат да, аларга Персид булуңунун жана Тынч океандын ыңгайлуу портторуна чыгууга мүмкүндүк ачып, бул региондун табигый ресурстарын өздөштүрүүнү жана пайдаланууну стимулдаштырууга, эл аралык сооданы жана туризмди активдештирүүнү камсыз кылат». “The Wall Street Journal” газетасы “Center for Global Development” аналитикалык борборунун кызыктуу изилдөөсүнүн маалыматтарын жарыялаган. Бул мониторингдин башкы максаты Кытайдын инвестициялык саясаты болгон, башкача айтканда, Кытай мамлекетинин башка мамлекеттерде ишке ашырылып жаткан, кандайдыр бир социалдык-экономикалык программаларды аткарууга ири кредиттик каражаттар багытталып жаткан проектилери каралган. Ошентип, расмий Пекиндин мындай колдоосу сегиз өлкө үчүн бекер болгон жок. Джибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив, Монголия, Черногория, Пакистан жана Тажикстан финансылык жактан абдан бошоң болуп калышты. Бир жагынан алып караганда, Кытайдын бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ар кандай социалдык, экономикалык, инвестициялык долбоорлорунда катышып жаткандыгы активдүү колдоого алынууда, жана да ал сыяктуу инвестдолбоорлор — ​азыркы замандын талабындай көрүнөт. Аналитикалык изилдөөлөрдө конкреттүү мисалдар келтирилет. Черногорияда жана Монголияда — ​бул катышуу заманбап, тез ылдамдыкта жүрүүчү автотрассаларды куруу болсо, Тажикстанда — ​газтүтүктөрүн орнотуу, Кыргызстанда — ​гидроэлектростанцияларды куруу менен байланышкан.

Бирок, медалдын экинчи тарабы да бар, бул өлкөлөрдүн Кытайга болгон карыздары жана көзкарандылыгы катастрофалык түрдө жогорулап бара жатат. Жөн эле салыштырып көрүңүздөрчү! Эксперттердин прогноздору боюнча, жаңы инфраструктуралуу объектилерди курууга байланыштуу Кыргызстандын карызы ички дүң продукциянын 62 процентинен 71 процентке чейин өсүшү мүмкүн. “The Wall Street Journal” гезитиндеги изилдөөнүн авторлорунун бири Скотт Морристи цитаталагандай: «Эгерде бул өлкөлөрдүн карыздары туруксуз болуп калса, анда мындай тенденция бара-бара кытай бийлигин финансылык чечимдерди кабыл алуунун борборуна коюп, Эл аралык валюталык фондун жана жеке менчик кредиторлорду сыртка сүрүп чыгышы мүмкүн».

Анча деле кооптуу эч нерсе жоктой, башка коңшуларга салыштырмалуу алсыз өлкөнүн экономикасына инвестиция салуу ЕАЭС боюнча да, территориалдык белгилери боюнча да керек, ал тургай абадай зарыл. Бирок, мында өлкө өкмөтү эки жамандыктын ичинен бир аз кичирээгин тандап алуусу керек болууда. Бир жагынан алып караганда, расмий Бишкек өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Арпа-Кара-Суу маршруту аркылуу бириктирип, бирдиктүү темир жол түйүнүн түзө алат, экинчи жагынан — ​саясий көзкарандысыздык маселеси улам курчуп бара жатат.

Кыргызстан барган сайын финансылык тузакка бекемирээк илинүүдө, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жарымы Пекинге таандык. Анан бул али жок темир жолдун тегерегиндеги талаштар да КЭРсы бул долбоордон толугу менен баш тартышы да мүмкүн деген шекти жаратууда. Аны эч ойлонбой туруп эле 20 жылдан ашуун убакыттан бери — ​абдан узакка созулуп кетти десе болот! Албетте, кытайлык инвесторлор өздөрү эмне үчүн акча коротушарын, ал акчаларды кимдер жана кантип иштетишерин, жана да, соңку жыйынтыгында алар кандай пайда ала алышарын билгилери келип жатат. Позитивдүү аспект ачык көрүнүп турат: транзит мөөнөттөрүнүн кыскарышы — ​7–8 күнгө же 900 километрге. Ал эми калган суроолорго мындай так жооп жок. Анысы аз келгенсип, негизги суроо боюнча: темир жол долбоору боюнча — ​дагы биротоло чыгарылган чечим алиге чейин жок. Кыргызстан ыңгайлуу учурдан пайдаланып, мүмкүн болушунча өз шаарларынын көбүн заманбап темир жол менен байланыштырып алууну көздөп жатат. Кытай эксперттери эч кандай ашыкча нерселерди куруунун кереги жок, өлкө транзитинин муктаждыгын камсыз кыла тургандай гана кылуу керек дешет. Бул темир жол өлчөмү (колеясы) кандай болору да түшүнүксүз. Пекин европалык стандарттарды таңуулоодо, Бишкек Советтер Союзунан калган жана азыр да постсоветтик көпчүлүк өлкөлөрдө жүрүп жаткан стандарттарды сунуш кылууда. Бишкек конкреттүү жана так жооп бермейинче жана да келечекке карата жүзпайыздык гарантияларды бермейинче бул жумуштар башталар-башталбасын эч ким айта албасы түшүнүктүү.

Баса, гарантиялар боюнча да Кыргызстанда баары жайында эмес. Сооронбай Жээнбеков — ​ушуну менен Пекин менен макулдашууга жетишүүгө аракет кылып жаткан төртүнчү кыргыз лидери болуп саналат. Ал эми акча үнөмдүү пайдалангандыкы, белгилүү болгондой, акча стабилдүүлүктү жактырат. А стабилдүүлүк боюнча алып караганда да Кыргызстанда баары эле жайында эмес.

Коррупциянын деңгээли абдан өскөн, социалдык стабилсиздик өкүм сүрүп, өлкөдө диний маанайлар гүлдөп-өсө баштады. Өлкө бийлиги бул проблеманы байкамаксан болууга далалат кылышууда, баягы эле сен өзүң моюнга албаган нерсе — ​жок деген принцип боюнча. Бийлик да, традициялуу ислам өкүлдөрү да, атайын кызмат өкүлдөрү да окуянын ушуга чейин өнүгүшүнө жеткирип алышкандыктан, эми экстремисттик кыймыл болгон «Таблиги Джамаат» бүт өлкөнүн стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурууда. Мындан 2 жыл мурда эле таанымал кыргыз эксперти Наргиза Алапаева «республикадагы диний кырдаал ушундай болуп калгандыктан улам, алыскы-жакынкы убактарда мамлекеттик светтик моделден чегинүүсү мүмкүн болууда, анан республика «Таблиги Джамаат» идеяларын жайылтуучу регионалдык борборго айланып, КМШдагы таблигчилер чогула турган жерге айланат» — ​деген.

Расмий Бишкек инвесторлор менен кантип иштеп жаткандыгына дагы бир мүнөздүү факт. Жакында эле Кыргызстандын өкмөтү кытайлык “Huawei” компаниясы менен түзүлгөн макулдашуусун жокко чыгарганы маалым. Ошол макулдашуунун алкагында, Кытайлык таанымал компания Кыргызстандын борборунда «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырмак, кытайлык инвесторлор ал боюнча Бишкектин бардык тарабына сүрөт жана видеого тартып калуучу камераларды коймок. Расмий себеби — ​кытайлык инвестор тарабынан мөөнөттөрдүн сакталбагандыгы болду. Расмий эмес себеби, — ​кыргыз эксперттери жана саясатчылары айтканына караганда, жана да бул эң эле чындыкка жакындай сезилет: кытайлык инвесторлор тек гана кыргыз өкмөтүнүн коррупциялык махинацияларына катышууну каалашкан эмес. Анан калса, дал ушул чырдуу чатак жаш премьер-министр Сапар Исаковдун өз креслосунан кол жууп, сынга кабылышына себеп болгон дешет. Демек, кыргыз бийликтери менен кызматташуудагы кайгылуу тажрыйбасы менен “Huawei” бизнесмендери өз өлкөсүнүн бийликтери менен бөлүшө алышат. Анан бул жолу болбогон кытайлык инвесторлор жана КРсынын өнөктөштөрү өз өлкөсүнө кандай кеңеш айтышары али белгисиз.

Даярдаган: Жумабек Кыдырбаев

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости