www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европадан Борбордук Азия өлкөлөрүнө маңзат ташыган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Уюшкан топ “Альфа-ПВП” өтө катуу таасир этүүчү синтетикалык заттын ири өлчөмүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында таратып жаткан жеринен колго түшкөн. Бул тууралуу маалыматта Азаттык маалымат агенттиги билдирди.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, мыйзамсыз өндүрүү же берүү") беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Маалым болгондой, өтө катуу таасир этүүчү “Альфа-ПВП” синтетикалык заты түштүк-чыгыш Азиядагы лабораторияларда өндүрүлүп, Европа аркылуу дүйнөгө тарайт. Синтездик жол менен даярдалган затты колдонгон адам адаттан тыш агрессияга тушугат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости