www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Facebook социалдык тармагынын 106 өлкөдөгү 533 миллион колдонуучусунун жеке маалыматтары жана телефон номерлери интернетте ачыкка чыгып кетти. Бул тууралуу чет басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мындай кабар хакерлердин форумунда жарыяланган. Бул жеке маалыматтар менен иштегенди билгендер эми чабуулга кабылгандардын жашыруун нерселерин билип алышына жол ачты дегенди туюндурат.
Социалдык желеде АКШнын 32 миллион, Сауд Аравиясынын 28 миллион, ошондой эле Россиянын он миллиондогон катталуучусунун толук аты-жөнү, локациясы, туулган жылы жана башка маалыматтары ачык жүрөт.
Hudson Rock киберкоопсуздук компаниясынын техникалык директору Элон Гэл интернет-чабуулдар аккаунттарды талкалап кирип пайда көрүү үчүн жасалып жатканын болжолдогон.
Гэл январда эле Telegram тармагындагы бот Facebook тармагынын 533 миллион колдонуучусунун номерин сатып жатканын айтып чыккан. Эми ал номерлер акысыз болуп жатканын белгилеген.
Facebook компаниясынын өкүлдөрү азыр буга үн ката элек. Аталган социалдык тармакты 2004-жылы Марк Цукерберг негиздеген. Штаб-квартирасы Калифорнияда жайгашкан. Facebook учурда Messenger, WhatsApp жана Instagram сервистерине ээлик кылат.
Булак: NazarNews.kg