www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик материалдык резерв фондун жетектеп турганда Сапар Исаков иштен алган Гуламжан Анарбаев Финансылык чалгындоо мамлекетгик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Ал аталган кызматтын буга чейинки башчысы Айбек Кадыралиевдин ордуна келди.

Айбек мырза болсо 3-июлда эч себепсиз кызматынан бошотулган. Жаңы дайындоо боюнча эл арасында пикирлер бир кылка эмес. Көпчүлүк финансы булагын, фискалдык тармакты, экономикалык кылмыштуулукту көзмөлдөгөн органдарга жалаң түштүктөн кадрлар дайындалып, тең салмактуулук болбой жатканын коңгуроо катары кагышууда.

Албетте, бул көз караштарды бийлик эске алуусу зарыл. Баланс бузулса элдин нааразычылыгы күчөй турганын эске алуу кажет.

Булак: “Фабула” 

Последние новости