www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүн биржалык иштердин катышуучусу катары тааныштырып, биткоин жана ири компаниялардын акциялары менен күнүмдүк соода жүргүзүүнү сунуштаган шылуундардын командасы пайда болду. Мындай эскертүүнү Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы таратты.
Алар азгырык жол менен интернет-банкинг же терминал аркылуу банктык эсебине акча которууну сунуштап, 8-12 сааттан кийин үстүнө пайыз кошулуп кайтарыларын убадалаганы айтылат.
Бирок каражат эсебине түшөрү менен байланышты үзүп, мессенжердеги тайпадан чыгып, из жашырып кетерин эскертет.
"Шылуундардын командасы кепилдик катары Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы берди деген лицензиянын сүрөтүн көрсөтүп жатат. Бирок биз Bonus Киреше ЖАКка эч кандай лицензия берген эмеспиз", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам ушул сыяктуу шектүү топтор чыкса, финансы рыногун көзөмөлдөө органына чалып маалыматты текшерип алуу сунушталат. Байланыш номерлери расмий сайтына жарыяланды.
Булак: NazarNews.kg