www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент А.Атамбаевдин эң жакын адамдары – «оң колу» жана «кошелогу» С. Исаков менен К. Кулматов Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык элементтерге айыпталып, камакка алынгандан кийин билдирүү жасап чыкканын билебиз.

Ал билдирүүсүндө АША аттары аталган экөөнү коргоп, «мамлекет башчысы катары ошол кездеги бардык долбоорлорду жүзөгө ашырууда, гранттарды, кредиттерди бөлүштүрүүдө мен башында тургам» деген сыяктуу баардык жоопкерчиликти өз мойнуна алгандай болгон.

Көрсө, мунусу А. Атамбаевдин камакта жаткан кадрларына (А. Калиев, С. Авазов, С. Исаков, К. Кулматов, О. Артыкбаев жана башкаларга) «Мени сатпагыла! Менин атамды атабагыла!» деген белгиси болчу тура.

Бирок, ал тымызын ошондой белги бергенине карабастан, абакта жаткан кадрлары бир четинен «Алмазбек Атамбаев көрсөтмө бергени үчүн аткарганбыз, аткарбай коюуга аргабыз жок эле» деп сата башташканы тууралуу кеп кетти. Эми АША дагы кандай белги берер экен?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости