www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Матраимовдорду АША кантип көтөрмөлөгөн?
Бир тууган Матраимовдорду убагында азырынча Кыргызстандын экс-президенти деген макамын жогото элек, бирок ага бир кадамдай гана калган Алмазбек Атамбаевдей кастарлап, ар тараптан көтөрмөлөгөн адам болгон эмес. 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштөн кийин айрым алкынып-жулкунган “временшиктер” Райым Матраимовду Ош бажыканасынын башчылыгынан кууп жиберишкенде, аны кайра ордуна АША өзү дайындаган. Андан кийин анын бир тууганын республикада бир облустай салмагы бар, калкынын саны 500 миңге чамалаган Кара-Суу районуна аким кылып дайындады. Экинчи үкөсү ошол эле райондогу чоң айыл өкмөтүнө башчы болду. Искендер Матраимов мындан жети жыл мурда уюштурган “Исмаил Ата” фондусунун иш чараларына үзбөй өкмөттүк деңгээлдеги делегацияларды жиберип турду. Ал эми 2015-жылы Матраимовдордун эң улуусу Искендер Матраимов АША өз колу менен түзгөн КСДПнын алдыңкы ондугуна киргизилип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланды. Ага удаалаш Райым Матраимов Ош бажыканасынын башчылыгынан республикалык бажы кызматынын башчысынын орун басарлыгына которулганда эми ал жерге же бакандай башка ведомстволордун бирине башчы болот дешкен. Чын эле анын мансаптык өсүшү ал жер менен чектелмек эмес, бирок АШАнын андан аркы планын 2017-жылдагы президенттик шайлоо өзгөртүп жиберди.
Президенттик шайлоо аяктаары менен ал биринчи кезекте жаңы шайланган мамлекет башчысынын бир тууганы Асылбек Жээнбековду спикерликтен гана эмес, парламенттин депутаттыгынан да кетүүнү талап кылды. Кол баласы Сапар Исаковго буйрук берип, Райым Матраимовду кызматынан бошоттуруп салды. Эмне үчүн? Анткени, АША жаңы шайланган президенттин айланасындагы таасирдүү күчтөр ушулар, аларды четтетип салсам, ага карата монополиялык таасирге өзүм гана ээ болом деп ойлогон. Бирок анын аталык болуу планы ишке ашпады. Бул жагынан аны Кокон хандыгынын эрежесин орноткусу келгендиги үчүн айыптаса болот. Трагикомедиялык фарс ушунда, бир кезде Кыргызстанды Кокон хандыгындай кылып башкаргысы келген адам анысы ишке ашпай калгандан кийин азыркы бийликтегилерди эч кандай негизсиз Кокон хандыгындай бийликти орнотууда деп айыптап келатат. Мындан бир жарым жыл мурда ишке ашпай калган планы биротоло өксүгүн күчөтүп, реалдуу нерселерди адекваттуу кабылдаганга жолтоо болуп жатат окшойт. АША сырттан келген кредиттердин, гранттардын каймактарын калпып, президенттик администрациянын катчыларына чейин өзүм чечип турам деп ойлогон. Аракеттеги президент андай ролго таптакыр макул эместигин, ага аталыктын кереги жоктугун, ал АШАга же айрым топторго эмес, элге, мамлекетке кызмат кылуу үчүн шайлангандыгын бир нече ирет эскертип, аны иш жүзүндө далилдей баштагандан кийин ал долулугун баштады. Мурдатан бирөөнү жаман көрүп калса, аны шыбай берип, жадатма идеяга айландырып жибермей адаты бар АША адегенде Райым Матраимовдун өзүн гана шыбап келсе, акыркы убактарда алардын бардыгын боктогонго өттү. Эгерде алар андай жаман болсо, эмне үчүн ал алты жыл аларды көтөрмөлөп келген? Эмне үчүн ага Райым миллион кызматта турганда эмес, кызматтан түшкөндөн кийин бокочодой көрүнө баштады?
“Форумдагылар» өздөрүнүн жалгандарын өздөрү ашкерелеп атышат
Эгерде кылмыш жасалса, дедуктивдүү ыкма менен иштеген даңазалуу бир детектив адегенде эле; “Бул кимге пайдалуу?” деген суроону коюп, ошонун тегерегинде иликтеп, изилдөөлөрдү жүргүзүп, тез эле кылмышкерлерди таап алгандыгын ал тууралуу китептерден жакшы билебиз. “Азаттыктын” Али Токтакунову деген айтмакери Матраимовдорго тиешеси бар деп айтып чыккан миллиондор жөнүндөгү материал жөнүндө да “Бул кимге пайдалуу?” деген суроону коюп, анын тегерегинде калыс, обьективдүү ой жүгүрткөн адамга ал биринчи кезекте АШАга аябагандай пайдалуу экендиги шек туудурбайт. Биз ал материалдан Түркиядан “Исмаил Ата” фондуна которулган 2,3 миллион доллардан башка ынандырарлык нерсени көрө албадык, калгандарын Али Токтакунов менен тергеп, тескөөчүлөр аягына чыгарышар, ага чейин күтө туралы. Өзүбүздүн теманы улантсак, азыр АШАнын төрт тарабы кысылып, заманасы куурулуп, бир кездеги кең дүйнө күндөн күнгө тарып бараткан учур. Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланышкан иштер чындап шаштырса, Батукаевгейт биротоло анын аргасын кетирүүдө. Бишкек ЖЭБи боюнча фигуранттардын айрымдары анын коррупциялык схемадагы ролун жашырууга аракеттенишсе, Батукаевгейттеги бир да адам антпестигин ал эң сонун билип турат.“Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов үчөөсүндө таптакыр күнөө жок” деп кыйкыруу менен аларга; сөзүңөргө бекем тургула, мен тууралуу билгениңерди айтпагыла, мен аман болсом, бир аргасын табабыз,- деген маанилерде чакырык таштап жатса, Батукаевгейт чыккандан кийин адегенде эле Аида Саляновага кыйыр эскертүү берип, анан коомчулуктун көңүлүн башка жакка буруш керек болду. Анын сыналган формасы - мени жаман дейсиң, өзүң менден жамансың - деген бет тырмачылык демагогия болуп саналат. Ошол максатта ал Матраимовдорду жаңы күч менен тынбай шыбап кирди, алар аркылуу аракеттеги президентти да жаман көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Анын стихиясына түшүп, кызыгына кирип кеткенде чаташып, өздөрүнүн бир сүйлөм мурда айткандарын кийинки сүйлөмдө жокко чыгарып жибергендерин да байкабай калышууда. Ошентип өздөрүнүн жалгандарын өздөрү ашкерелеп салышууда. Же “Форумда” отургандардын айрымдары да АШАга окшоп айный башташканбы?
АША ушуга чейинки монологдорунун бардыгында Жээнбековдор Матраимовдор менен биригишип, жуурулушуп кетишкен, ошон үчүн аракеттеги президент Райым миллионду калкалап келе жатат,- деп жадабай кайталап келсе, жакында “Форумдагылар” социалдык түйүндөр аркылуу “Матраимовдордун миллиондору жөнүндө материалдарды “Азаттыкка” Асылбек Жээнбеков жыйнап берген дегенди таркатышты. Бири-бирин жокко чыгарган бул маалыматтардын бири да ишенимди пайда кылбайт. Мында адегенде эле Жээнбековдор Матраимовдорду кимден, эмнеден калкалап келатышат? - деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Райым миллион же анын бир туугандарынын бири кылмыш иши боюнча айыпталышпаса, же мурдагы бийликтин куугунтук сүргүндөрүнө туш болушпаса, алар деги эмнеден калкаланууга тийиш? Эгерде Жээнбековдор чын эле Матраимовдорду белгисиз бир нерселерден калкалап келатышса, анда Асылбек Жээнбеков аларга каршы компромат жыйнап, “Азаттыкка” берген дегендерин кандай түшүнүшүбүз керек?
“Форумдагылардын” мындай белибердаларын акыл эстүү, рационалдуу ой жүгүрткөн адам атпай түшүнбөйт. Аларды өздөрү түшүнүшөрүнө да күмөнүбүз бар. Анткени,ал жердегилердин шартын жакшы билген кайсыл бир саясатчы айткандай, “Форумдагы” шыпылдаган 30-40 улан-кыздар эртеден кечке компьютерлерге отуруп алып, социалдык тармактарда бири-бири менен жарыша өрдөк учурушат. Андай “ашар” кызыган убакта биринин жазганына экинчисиники каршы келип, аларды “өрдөктөрдөн” баштары айланган “каздардын” байкабай калуусу толук мүмкүн.
Искендер Матраимов каалагандар аны менен Ошко, Кара-Сууга, шектенген банктарына барып, мүлктөрүн, байлыктарын, которулду деген акчалардын көчүрмөлөрүн текшерип чыгууну айтмакер Али Токтакуновго сунуштаган. Андан кандай жооп болгонун билбейбиз, бирок ал көңүлгө аларлык батыл сунуш. Анткени, Кыргызстанда Матраимовдордун деңгээлиндеги кландардын өкүлдөрүнүн журналисттерге, коомчулукка андай сунуш менен кайрылгандыгын кездештире элекпиз. Ал 5-каналдагы өздөрүнө тийиштүү талкууга да коркпой келип катышып, коомчулуктун пикирин аз да болсо өзгөрткөнгө жарады. Эмне үчүн АША, айланасындагылары менен талкууга катышмак түгүл көз каранды эмес журналисттердин бир суроосунан коркуп, мамлекеттик резиденциядан, “Форумдун” туш тарабы тосулган имаратынан чыкпай коркуп бекинип отурушат? Анткени, кандай маселе болбосун, бир суроого да ынанымдуу жооп бере алышпасын, интервью, талкууларга катышса, кылмыштары, жалгандары ашкереленип, абийирлери айрандай төгүлүп каларын билишет. Бул алардын Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык жаңжалдар, Батукаевгейт боюнча камалгандарга гана эмес, Матраимовдор боюнча таркатып жатышкандарына да тийиштүү болуп саналат.
Булак: “Майдан.kg” гезити