www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газа тилкесинде Казакстандын 76 жараны бар

Газа тилкесинде Казакстандын 76 жараны бар. Бул тууралуу казак Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

"Үй-бүлө мүчөлөрүн кошуп эсептегенде 161 киши болот. Чет өлкөлүктөрдүн үй-бүлө мүчөлөрүн аймактан чыгаруу боюнча Египеттин да, Израилдин да өздөрүнүн талаптары бар. Алардын үчтөн бири бул талаптарга туура келбейт. Ошондуктан айрым чет өлкөлүктөр үй-бүлө мүчөлөрүн кошо алып кете албагандыктан, Газада калууда", – деди Смадияров.

Ал Казакстандын Каирдеги элчилиги өз жарандарын өткөрүү боюнча Египеттин бийлиги менен күн сайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

"Египеттин жана Израилдин талаптарына ылайык, ар бир өлкөнүн жарандары үчүн "Рафах" бекетинен өтүүгө өзүнчө бир күндөр белгиленген. Ошол эле маалда чек арадан күнүнө 500гө жакын гана киши өтө алары жана болжол менен 45 өлкөнүн элчиликтери берген тизмедеги адамдардын саны эске алынууда", – деди ТИМдин өкүлү.

1-ноябрда Газа тилкеси менен Египеттин ортосундагы "Рафах" өткөрмө бекети үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын Египетке өткөрүү үчүн убактылуу ачылган. 3-ноябрда аталган бекет аркылуу жүздөгөн чет өлкөлүк жана кош жарандыгы бар палестиналыктар, ошондой эле оор жарадар адамдар Египетке өткөрүлгөн. Дүйшөмбү күнү Египеттин Чек ара кызматы "Рафах" бекети кайра ачыларын билдирди.

23-октябрда аткылоолордон улам Газа тилкесинде Казакстандын жараны каза болгону кабарланган. Казак ТИМи билдиргендей, казакстандык аял менен чогуу анын кызы, Палестинанын жараны да көз жумган.

11-октябрда атайын каттам менен Тель-Авивден Алматыга 166 жүргүнчү, анын ичинде Казакстандын 124 жараны жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости