www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын орун басарлыгына Өмүрбек Суваналиевдин дайындалышы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Эске салсак, Өмүрбек мырза Бабановдун эл көзүндөгү таянычы катары жүргөн, шайлоодо кызмат кылган, бирок, ал качып кеткенден кийин мамлекет үчүн иштөөнүн жолун тапканы туура болду. Таластыктар да бийликтин мындай колдоосуна туура түшүнүшүп, баа беришүүдө.

Аныгында, президенттин айланасында элге жүзү жарык кадрлардын көбөйүшү зарыл. Эгер эртең кандайдыр бир деңгээлде нааразычылык акциялары башталып, катуу дооматтар айтылса, анда «Комиссар Каттани» Ак үйдөн чыгып, эл менен сүйлөшө алат. Бир учурда өзү да митингдерди уюштуруп, каршылык көрсөтүү боюнча тажрыйба топтогон.

Дагы бир жагдай, коопсуздук кеңешинде негизинен теоретикгер отурса, генерал Суваналиев практика жүзүндө реалдуу анализдерди жасай алат. Ал мындан ары президенттин ишенимине кирсе, өз алдынча күч органдарын жетектеп кетүүсүнө шарт түзүлөт. «Атаң алтымышка чыкканда, алдап-соолап күчүн ал» деген кыргыздын кеменгер кеби бекер жерден айтылбагандыр. Айтор, арканды алыс ыргытуу менен келечекке дүрбү салып турууга кез келди окшойт…

Булак: "Азия ньюс"

Последние новости