www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажаалданган тажывирус дүйнөнү айлана чапты. Сыртта жүргөн кыргызстандык жарандардын абалы кандай?

Германиядагы акыркы абал тууралуу бүгүн, 7-апрелде NazarNews маалымат агенттиги Германияда иштеген мекендешибиз Перизат Садырбекова менен маек курду.

--Саламатсызбы, эпидемиянын күч алып жатканы белгилүү. Кырдаалга жараша  абалыңыз кандай?

--Рахмат, жакшы. Биринчи оору биздин бундесландда (облус)  башталган. Анда 5 апта мурун 66 болчу. Азыр Ооругандардын саны 79000ден ашты.  Бизге дагы карантин жарыяланган, мектептер, дүкөндөр баары жабык. 4 апта үйдөн  чыккан эмесмин. Кечээ шаарга барсам киши кадимкидей эле көп экен. Бирин-серин бет кап кийип алышкан, бирок көбүндө жок. Кээ бир бундесланддарда  комменданттык саат киргизилген. Биз жакка келе элек. Даарыга азык-түүлүккө болгон баа Кыргызстандыкындай көтөрүлгөн жок.

--Ишканалардын баары жабылдыбы же тобокелге салып иштеп жаткандар барбы?

--Жакын досумдун агасы Штутгарт шаарында заводдор жабылды деп айтыптыр. Анткени өзү ошол жакта иштечү экен. Айлык-акы мурункудай эле жүрүп жатат деди. Германия көбүнчө машина чыгарган заводдору менен белгилүү да. "Мерседес", "Фольксваген" ишканалары  2 жума мурун жабылган.

--Айрымдары көчөдө беткапсыз  жүрүшөт деп айттыңыз, алар вирусту тоготпой жатышкандай.

--Оору көбөйгөнү менен абал Кыргызстандыкындай эле. Кээ бири анчейин маани беришпей көчөлөргө чыгып, сейил бактарга барып жатканын Инстаграм аркылуу көрүп эле жатам. Бизде Германияда жашап, иштегендердин тайпасы бар. Ошол жактан күндө сүйлөшөбүз. Анткени алар дагы мен сыяктуу бир немец үй-бүлөсүндө жашашат. Мисалы, бирөөлөр үйдөн балдарын чыгарбай окутуп жатса, бирөөлөр балдары менен жаратылышта пикник кылып жүрүшөт.

--Маегиңизге рахмат!

NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандандыктарды көчөгө чыкпай, тазалыкты сактоого чакырабыз! 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости