www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ханзаада Гарри менен Меган Маркл Улуу Британияга кайтып келишти. Алар өлкөгө акыркы алты жылдан бери биринчи жолу чогуу келишүүдө. Бул тууралуу Би-би-си телеканалы билдирди.

Жубайлар Калифорниядан жеке учак менен балдарын кошо алып келишкен. Алар Котсуолдс аймагына жайгашмакчы. Сассекс герцогдору болгон жубайлардын балдары келерки жумадан тартып Англиянын кадыр-барктуу жеке мектептеринин биринде окуй башташат. Бирок Гарри менен Меган Улуу Британияга кайтып келишкенине карабастан, мурдагыдай эле жеке адамдар катары жашап, падышалык үй-бүлөнүн расмий милдеттерин аткарууну көздөшпөйт.

Буга чейин 5-tv.ru басылмасы принц Гарри менен Меган Маркл Улуу Британияга алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө кайтып келүүнү пландап жатышканын билдирген. Жубайлар өздөрүнүн «падышалык үй-бүлөнүн жеке мүчөлөрү» деген өзгөчө макамын сактап калууну каалашат. Ошол эле учурда алар расмий падышалык милдеттерге кайтып келбей турганын буга чейин бир нече жолу билдиришкен.

Последние новости