www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдын аягына чейин 1-2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, мунайдын баасы дүйнө жүзүндө жогорулап жатканы байкалууда.

«Орусиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдор бизге дүң бааларды коюп берет. Мурда туруктуу учурда алар бир айга бааны айтышчу, ошондуктан биз бир айга божомол жасай алчубуз. Бүгүнкү күнү анте албайбаз, анткени үч күн, бир апта сайын баалар жогорулап жатат. Июнь айынын аягына чейин күйүүчү майдын баасы 1-2 сомго жогорулашы мүмкүн», - деди ал.

Ал кошумчалагандай, күйүүчү май Россиядан экспорттук пошлинасыз, башкача айтканда, дүйнөлүк баадан арзандатылган наркта алынат. Ушул жылдын беш айындагы пошлинадан үнөмдөлгөн каражат 7,8 миллион долларды түзөт.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын күйүүчү майды жылдык керектөөсү 1,2 млн тонна чамасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости