www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ёсихидэ Суга Япониянын премьер-министри болуп шайланды

Ёсихидэ Суга Эл өкүлдөр палатасынын депутаттарынын көпчүлүк добушун алып, Япониянын премьер-министри болуп шайланды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Суганын талапкерлигин 314 депутат колдогон, ал эми жалпы жонунан добуш бергендердин саны 462 экени айтылат.

Эл өкүлдөрү палатасы шаршемби күнү жаңы премьер-министрди шайлоо үчүн чогулушкан. Төмөнкү палатадагы башкаруу коалициясында Либералдык-демократиялык партиясы менен "Комэйто" партиясы 465 орундун ичинен 313 мандатка ээлик кылат. Суга башкаруу коалициясындагы Либералдык-демократиялык партиясынын лидери болгондуктан, анын жеңиши айкын болуп калган. Ошондой эле жогорку палатадагы шайлоонун жыйынтыгы да ушундай болот деп күтүлгөн, себеби мында дагы башкаруу коалициясынын мандаты көп.

Белгилей кетсек, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ августтун аягында өнөкөт оорусу күчөп кеткенине байланыштуу отставкага кеткен.


Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости