www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ШКУнун өкмөт башчыларынын Кеңешинин 24-жыйынында Иран дагы бир жолу регионалдык интеграцияга жаңы дем бере турган идеяларды ортого салды.
Анда Ирандын биринчи вице-президент Мохаммадреза Арефтин сөзү азыркы глобалдык чакырыктар шартында айрыкча көңүл бурдурбай койбойт. Анын эң кызыктуу сунуштарынын бири — ШКУ үчүн жалпы криптовалюта түзүү демилгеси болду.
Бул сунуш жөн эле финансылык инструмент жөнүндө эмес. Арефтин айтымында, бирдиктүү санариптик эсептешүү валютасы мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык байланышты бир кыйла жеңилдетет. Андан да маанилүүсү — бул өлкөлөрдүн ортосундагы ишенимди арттырып, эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыз кылып, уюм ичиндеги интеграцияны жаңы деңгээлге көтөрөт.
Иран муну менен токтоп калган жок. Ареф белгилегендей, ШКУ өлкөлөрү учурдагы дүйнөлүк финансылык системага таянуу менен чектелбей, өз ара маалымат алмашуунун жаңы, заманбап жана натыйжалуу банктар аралык механизмин иштеп чыгууга тийиш. Бул — санкциялар, геосаясий басымдар жана глобалдык туруксуздук шартында өз алдынча иш алып баруунун маанилүү инструменти.
Иран сунуштап жаткан бул демилгелер сөзсүз ШКУнун келечектеги багыты боюнча чоң талкууларга жол ачат. Бирок бир нерсе талашсыз: уюм өзүнүн экономикалык салмагын өстүргүсү келсе, финансылык көз карандысыздык жана өз ара эсептешүүлөрдүн жаңы формалары бүгүн актуалдуу болуп турат.
Бул кадам ШКУну чындап өз алдынча глобалдык оюнчуга айлантууга жетеби — аны убакыт гана көрсөтөт. Бирок Иран ортоого салган сунуштар сөзсүз жаңы талкууларды жаратып, региондогу экономикалык кызматташтыкка жаңылык алып келери айкын.
Булак: eurasiatoday