www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын ички саясаты тууралуу жаңы талаштуу маалыматтар пайда болду. Айрым булактарга ылайык, өлкөдө расмий бийлик структуралары болгону менен, негизги чечимдерди Ахмед Вахиди жетектеген Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) кабыл алып жатат.

Аналитиктердин айтымында, акыркы аскердик жаңжалдардан кийин КСИРдин ролу кыйла күчөп, башкаруунун “аскерий модели” калыптана баштаган. Бул шартта Вахиди өлкөдөгү эң таасирдүү фигуралардын бирине айланган.

Маалыматтарга караганда, АКШ–Израиль коалициясы менен болгон согуштан кийин Иранда бийлик вакууму жаралып, жогорку жетекчилердин бир бөлүгү жок кылынган. Мындай шартта чечим кабыл алуу көбүнчө КСИРдин колуна өткөн.

Ошондой эле айрым маалыматтарда Вахиди жаңы жогорку лидерди тандоого да таасир эткени айтылат. Бул жагынан Мужтаба Хаменеинин дайындалышы мисал катары келтирилет.

Вахиди көп жылдар бою коопсуздук жана аскер тармагында жогорку кызматтарды аркалап келген. Ал мурда “Кудс” күчтөрүн жетектеп, Ирандын аймактагы таасирин кеңейтүүдө негизги ролду ойногон.

Ошол эле учурда ал эл алдына дээрлик чыкпай, ишмердүүлүгүн жашыруун жүргүзүп жатканы белгиленет. Адистер муну коопсуздук себептери менен түшүндүрүшөт — ал АКШ жана Израиль тарабынан негизги бута катары каралышы мүмкүн.

Жыйынтыгында, айрым байкоочулар Ахмед Вахидини азыркы Ирандагы “көлөкөдөгү лидер” же “саясий боз кардинал” катары мүнөздөп, расмий эмес болсо да, өлкөдөгү негизги чечимдерге таасир эткен фигура деп эсептешүүдө.

Последние новости