www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исхак Масалиев өлүм жазасын киргизүүгө эмнеге кызыкдар?

-- Исхак агай, өлүм жазасын кайра киргизүү керектигин сунуштап чыктыңыз. Буга мораторий киргизилген го...

-- Акыркы жылдары, айрыкча соңку айларда коомчулукта эң өкүнүчтүү окуялар орун алып жатат. Кичинекей наристелерин өз аталары зордуктап, зомбулук кылган итчилиги көбөйдү. Бул эмненин белгиси? Коомдо адамдын аң-сезиминде кыйшык өзгөрүүлөр болуп жатканыны да. Ошол себептен мен үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкууда өз сунушумду бердим. “Өлүм жазасын киргизүүнү карап чыккыла” дедим. Быйылтан баштап биз Конституцияга өзгөртүү киргизгенге толук укугубуз бар. Мага каршы чыгып, “өлүм жазасын киргизүүгө мүмкүн эмес” деп жаткандар болууда. Көп мамлекеттерде өлүм жазасы иштейт. Ошол эле АКШда колдонулат. Ооба, бул эң жаман кадам, бирок, айла жоктон барууга туура келет. Анткени, элди курутуп, акысын жеген коррупционерлерге, наристелерди зордуктаган акмактарга катуу чара колдонбосок, адилетсиздик болуп жатпайбы! Ошол кылмышкерлерди мамлекет түрмөгө камап алып, күн сайын тамак-аш берип, коргоп, ден соолугун сактап жатат. Мен ойлойм, алар мындай камкордукка татыксыз. Андыктан, мораторий киргизип, өлүм жазасын алып салганыбыз шашып кеткенибиз болгон. Адам жасаган иштерди айбан да жасабайт. Башка жолду мен көрбөй турам.

-- “Биримдик” партиясын “бийликтин партиясы” дешип, анын катарында шайлоого барчу тизме да жарыяланып кетти. Бул боюнча кандай комментарий бересиз?

-- Мен бийликтин партиясынын өкүлү эмесмин. Бирок, бул күтүлгөн эле иш. Шайлоо келатканда мындай сөздөр да, аракеттер да көбөйөт. Азыркы паламентте отурган беш партиянын төртөөндө сүйлөшүүлөргө, биригүүлөргө барганга негиздер, мүмкүнчүлүктөр балким бардыр. А КСДПнын шайланышына менин көзүм жетпейт. Эл шайлабайт аларды. Беш жыл кыргыз элинин тиреги болуп, бизди “жыргатабыз” деген партия ичинен ыдырап, баш-аягын жыйнай албай калды. Ал эми бийликке иштеп аткан партиялар ар кандай аракеттерди жасашат. Бийлик жактырган патиялардын тизмелерине киргенге чуркашат. Алардын утуп келишине да кепилдик камсыздалган. 

-- Кайсы депутаттар кайсы партиянын тизмесине киргени акырындан айтыла баштады. Ошол эле КСДПчылар да бийликчил партияга кирип атышыптыр...

-- Саясатчылар бири-бири менен сүйлөшүшөт. “Сени кошолу”, “тигини кошолу” дешет. Бул деле күтүлгөн нерсе. Мыйзамга каршы келбейт.

-- Сизге чакыруу сунуштары болдубу?

-- Мен “Кыргызстан коммунисттери” партиясынын жетекчисимин. Мага андай сунуштар түшкөн жок. Түшпөйт дагы. Барсам, өз партиям менен шайлоого барам. Бирок, бир нерсени унутпашыбыз керек, өзүм тарыхчымын. Акыркы 30 жылдан бери (20 жылдан бери активдүү) саясаттамын. Баарын көрдүм. “Алга Кыргызстан” деген Акаевдин партиясы, “Ак жол” деген Бакиевдин партиясы, Атамбаевдин КСДПсы болду. Баарынын тең аягы эмне менен бүттү? Кыска жашап, бир күндө өз падышаларын сатып жок болушкан. Эми ошол аткаминерлер кайра башка партия түзүп чуркап жүрүшөт. Азыркы президент ушуларга ишенбеш керек. Болбосо, тагдыры тигилердикиндей болот.

-- Эгер партияңыз шайлоого барбаса, сизди каяктан көрөбүз?

-- Оозумду эч ким жаба албайт. Сын-пикир айтканга укугум бар. Бийликти сындаганга кудуретим жетет, мүмкүнчүлүгүм да бар.

Динар ТУРДУГУЛОВА  

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости