www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан коммунисттер партиясынын» жетекчиси Исхак Масалиев 5-каналдын “Статус” теле берүүсүндө маек берип жатып, алып баруучу Эрнис Кыязовдун: "депутаттык шайлоодогу добушту эл өкүлдөрү сатып алды, эл сатылды дегенди кандай түшүнсө болот? Сатып алгандар менен сатылгандардын күнөөсү канчалык?" деген суроосуна жооп берди.

“Шайлоодо добушту сатып алагандар менен сатылгандардын күнөөсүнүн аралыгы анча эмес туура. Экөө тең ыймандуу, жакшы иш кылбайт. Элди күнөөлөш болбойт, эл 30 жылдан бери шайлоого тоюп бүттү. Азыркы муундар чоңойгон, советтик мезгилде жашаган эмес. Советтик идеологияны билишпейт, тааныбайт. Ошондуктан алар бүгүнкү күн менен жашайт. Беш жылда мени жыргатам деген сөзгө ишенбейм.  Мага бир жумага жете турган тамак-ашымды берсе, мен ошого ыраазымын деп добуш берет. Бул замандан күткөн нерсе деп айтсак болот. Жакында кесиптешим Алтынбек Сулайманов добушуңарды 20-30 миңге саткыла деп айтпадыбы. Ал какшыктап, өкүнүп айтып атат. Аны айрымдар туура эмес түшүнүп алып, сунуш кылып атат деп атышат. Ал сунуш эмес. Көпчүлүк кесиптештерим байлык менен бийликке келгендер ойлоп атышат келерки шайлоодо ушундай эле көрүнүш болот деп. Жок андай болбойт. Келээрки шайлоодо айрым жарандарыбыз акчаны да алышы мүмкүн. Бирок, добушту акылы менен берип коюшу мүмкүн”, - дейт депутат Исхак  Масалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости