www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калифорния жээгинде карантинге алынган лайнерде эки кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 5-март күнү АКШнын Калифорния штатынын жээгиндеги Grand Princess лейнеринен мурда түшүп кеткен эки жарандан коронавирус табылып, лайнер толугу менен карантинге алынган.  

Бул маалымат келип түшөөрү менен Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги, Американын компетенттүү органдарынан кыргызстандык жарандардын лайнерде бар-жогу тууралуу маалымат сураган. Алар Кыргызстандан барган эки жаран дал ушул аталган лайнерде бар экени тууралуу кабар беришкен. 

Кийин ал эки жарандын өздөрү менен элчилик сүйлөшүп, алардын абалдары жакшы экендигин жана күнүнө үч маал тамактанып, азырынча каюталарда күн кечирип жаткандыгы жөнүндө маалымат алган.

Ушул тапта лайнер Окленд шаарындагы портко токтоп, медициналык жардам керек болгон жүргүнчүлөрдү түшүрмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости